АКШ долларларын кармап турган аял. Архив

Аялдын көп акча табышы күйөөсүнө кандай таасир этери айтылды

1662
(жаңыланган 10:49 20.11.2019)
Сурамжылоого катышкандардан жубайынын абалын сүрөттөп берүүнү суранышканда сабыры суз, туталана берүү, кыжаалат болуу, үй-бүлөдө өзүн артыкбаш сезүү, кылган иштерин бекерге кеткен деп баалашкан.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Үй-бүлөдө жубайлардын тапкан акчасындагы айырма эркекти кандай стресске саларын окумуштуулар аныктап чыкты. Бул туурасында РИА Новости Personality and Social Psychology Bulletin журналына шилтеме кылып жазды.

Изилдөө жүргүзгөндөр АКШдагы 2001-2015-жыл аралыгындагы үй-бүлөлөрдүн экономикалык, социалдык жана медициналык факторлору жана анын ар бир мүчөсү боюнча чогултулган маалыматтарды анализдеп чыккан. Бул 6035 үй чарбасын камтыган.

Анда эркектерди эки нерсе түйшөлтөрү айтылган. Бири — бүлөнү жалгыз багып калганда, тагыраагы, жалгыз иштеп акча тапканда. Экинчиси — аялынан акчасын карап калган мезгил. Стресс аял үй-бүлөлүк бюджеттин 40 пайызга жакынын тапканда азаяры белгилүү болду. Эгерде мындан өйдөлөп кетсе, кудай бетин салбасын, эркек түнөрүп эле калат экен.

"Топтолгон бул маалыматтар коомдо калыптанып калган түшүнүк эркектин ден соолугуна зыян экенин аныктады. Дайымкы стресс анын маанайынын, саламаттыгынын өзгөрүшүнө жана социалдык проблемаларга, үйдөгү кер-мур айтышууга алып келет", — деп айтылат маалыматта.

Вашингтондогу Пью деп аталган изилдөө борборунун маалыматына таянсак, 1980-жылы АКШдагы күйөөсү бар аялдардын 13 пайызы жолдошунан көп акча тапкан. 2017-жылы бул сан 30 пайызга жеткен. Кыязы, бул тенденция сакталып турат.

Иликтөөлөр эркектер менен аялдар түгөйүнүн психологиялык жактан кыжаалат болуп жатканын ар башкача баалай турганын көрсөткөн. Сурамжылоого катышкандардан жубайынын абалын сүрөттөп берүүнү суранышканда, сабыры суз, туталана берүү, кыжаалат болуу, үй-бүлөдө өзүн артыкбаш сезүү, кылган иштерин бекерге кеткен деп баалашкан.

Эркектер аялынын түйшөлүп жатканын дароо байкашары белгилүү болгон. Муну авторлор төмөнкүчө түшүндүргөн.

"Эркектер адатта стресс менен депрессиянын белгилерин жашырганга маш келишет. Аялдары күйөөсү андан финансылык жактан көз каранды болуп, стресске кабылганын байкабай калат", — дешкен.

Дагы бир кызык факты, эгерде күйөөсүнүн айлыгы бүлөнүн жалпы кирешесинин 50 пайызын түзсө, аялы аны аз акча табат деп ойлору айтылды. Ал эми эркек кишинин эсебинде ал 60 пайызды түзүшү керек.

1662
Белгилер:
айлык-акы, күйөө, аял
Тема боюнча
Кофенин өмүрдү узартчу касиети бар. 12 жылдык иликтөөнүн жыйынтыгы
Окумуштуулар депрессиядан арылуунун оңой жолун айтышты