Россиялык Як-130 менен Ми-38дин артыкчылыгы. Дубайдагы көргөзмө

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүМеждународный авиасалон Dubai Airshow 2019
Международный авиасалон Dubai Airshow 2019 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абадагы артыкчылыгы жана баасынын чөнтөккө чак келиши россиялык авиа өндүрүшүнүн адистерди кызыктырган эң башкы белгиси десек болчудай. Dubai Airshow 2019  көргөзмөсү да мындан кур калган жок, дал ушул жерде Як-130 учагы менен Ми-38 тик учагы калың элге тааныштырылды.

Дубай шаарында өткөн көргөзмө тууралуу аскерий баяндамачы Александр Хроленко кенен айтып бермекчи.

Аброю боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген Dubai Airshow 2019 көргөзмөсүнө 76 мамлекеттен келген 1200 компания катышып, элдин назарына 165 учак, тик учак жана өзү башкарылган учактар тартууланды. Россиянын Бириккен авиакурулуш корпорациясы (БАК) үчүн Дубай бул багыттагы ишмердүүлүктү өнүктүрүүчү маанилүү аянтча. Муну менен бирге атаандаштык шартында "товардын болгон өнөрүн" көрсөтүү үчүн да мыкты мүмкүнчүлүк экени талашсыз.

БАК жетекчиси Юрий Слюсарь Дубайда Як-130дун модернизацияланган үлгүсү көрсөтүлгөнүн белгиледи. "Учак машыгуучу-аскердик эмес, толук кандуу аскердик кемеге айланууда", — деди ал.

Як-130 абада болгон шык-жөндөмүн көрсөтүп, 4++ муундагы машиналар гана жасай алат деген маневрларды жасады. 

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүЯк-130 учагы
Россиялык Як-130 менен Ми-38дин артыкчылыгы. Дубайдагы көргөзмө - Sputnik Кыргызстан
Як-130 учагы

Жыл башынан бери БАК аталган техниканын мүмкүнчүлүгү менен аскердик потенциалын жогорулатуу жаатында иштеп жатат. Дубайдагы көргөзмөдө Як-130 куралган эки стволдуу, калибри 30 миллиметр болгон  замбирек, башкарылуучу ракеталар, башкарылбай турган реактивдүү снаряддардын блоктору, радиоэлектрондук күрөштүн каражаттары көрсөтүлдү.

VIP-конфигурациядагы көп багыттуу Ми-38 тик учактары да адистердин кызыгуусун туудуруп, БАЭдеги болочоктогу кардарларга жакты. Чынында эле Dubai Airshow 2019 авиасалону Россиянын КМШ мамлекеттери менен аскердик-техникалык кызматташуусуна жаңы ыргак берчүдөй.

Бүгүнкү күндө Россия чет элдик өнөктөштөрүн Як-130 үлгүсүндөгү 100дөй учак менен камсыздоо боюнча келишимди ишке ашырып жатат. Машиналарды Алжир, Бангладеш, Белоруссия, Лаос, Мьянма мамлекеттери сатып алды. Сириянын буюртма бергени маалым. Өзбекстан да кызыгып жатат. Сатып алам дегендердин тизмесинде Евразиянын ондогон мамлекеттери бар, бул да кокусунан эмес. Учак бир топ авиатехниканын абадагы ыкмаларын, чеберчилигин аткарууга жөндөмдүү. Анын арасында 5-муундагы истребителдер да бар.

Эки орундуу Як-130 өз классындагы мыкты учак, ага азыр тең келе алчу техника жок. Аппарат көп тапшырмаларды аткаруучу истребителдердин, чабуул коюучу жана бомбалоочу аба техникаларынын учкучтарын даярдоого ыңгайлуу.

Учения ОДКБ в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
"Терминатордун" Ысык-Көлдөгү соккусу. Аскерий баяндамачы машыгуулар тууралуу
Як-130 өзүнө машыгуучу жана аскердик мүмкүнчүлүктөрдү сыйдырган учак. Чакан, бирок аткара турган милдеттери көп самолет үч тоннага жакын ок-дары көтөрүп, согуш талаасында сокку уруу иштерин ийгиликтүү аткара алат.

Як-130 бир эле убакта асманда да, жерде да душман менен күрөшө алат. Мындан тышкары, чабуул учурунда жерге урунуу коркунучу жаралса, асманга тик өйдө көтөрүлүп кетүүгө жөндөмдүү. Жаңыланган самолет колдонулган аймагына жана башкарган адамдын талабына жараша мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алат.

Учактын башкаруунун жаңы электрондук санарип системасы менен жабдылган РД-35 турбореактивдүү эки кыймылдаткычы бар. 12500 метрге чейин көтөрүлө алат, саатына 1050 чакырым ылдамдыкта жүрүп, эң алыс дегенде 2000 чакырым жерге чейин учат. Як-130  асманга тез көтөрүлүү боюнча бир нече ирет дүйнөлүк рекорд койгон.

Авиаторлор менен техниктер аталган самолетту көп кыйынчылык жаратпаган, башкарууга жеңил деп сыпаттап келишет.

Тормозун кое бергенден кийин Як-130 12 секундда 800 метрден кийин абага көтөрүлүп кетет. Учак 10 миң саат же 30 жылга чыдайт. 

© © SputnikБАЭдеги Ми-38: араб шейхтери АКШнын авиатехникасын Россияныкына алмаштырганда
Россиялык Як-130 менен Ми-38дин артыкчылыгы. Дубайдагы көргөзмө - Sputnik Кыргызстан
БАЭдеги Ми-38: араб шейхтери АКШнын авиатехникасын Россияныкына алмаштырганда

Көп багыттуу Ми-38

Россиянын көп багыттуу Ми-38 тик учагы да чет өлкөгө биринчи жолу чыкты. Машинанын техникалык сапаттары мыкты. Конструкторлор тик учактын универсалдуу болушу үчүн анын эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтишкен.

Жакынкы Чыгыштагы адистер аталган машинанын ишенимдүүлүгүн жана ысыкта, өзгөчө чөлдө башкаруудагы ыңгайлуулугун белгилешет. Бирок Ми-38ди ар климаттык шартта — деңизге жакын аймакта, тропикте, керек болсо Арктика зонасында пайдаланууга болот.

Тик учак коопсуздук менен экологиянын бүгүнкү күндөгү талаптарына ылайык жасалган. Ми-38дин жаңы ТВ7-117В кыймылдаткыч менен жабдылганын айта кетүү керек. Мындай кыймылдаткыч үнөмдүү да болот. Машинаны курууда россиялык өндүрүштөн чыккан агрегаттар, композиттик материалдар колдонулган.

Церемония передачи Россией Кыргызстану двух военно-транспортных самолетов АН-26 и авиационной технико-эксплуатационной части (АТЭЧ) - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан өнөктөштөрдөн кандай курал-жарак алат? Расмий жооп
Тик учак жасоо тажрыйбасында Россияда биринчи жолу кыймылдаткыч башкы редуктордун алды жагына орнотулду, буга чейин артына жайгаштырылчу. Бул аэродинамикалык каршылыкты төмөндөтүп, кабинадагы үндү акырындатып, коопсуздукту камсыздайт.

Көп багыттуу Ми-8  —  орточо келген Ми-8 менен оор Ми-26нын ортосундагы тик учак. Инженердик-техникалык сапаттарынан улам жүк көтөрүмдүүлүгү, жүргүнчүлөрдүн батышы жана абада учуудагы мүмкүнчүлүктөрү (саатына 290 чакырым ылдамдык, 1000 чакырымга чейин уча алышы, 5900 метрге чейин көтөрүлүш, эки кишилик экипаж) боюнча өз классындагы машиналардан тай чабым алдыда. 15,6 тонна салмактагы тик учак беш тоннага чейин жүк же 30га чукул жүргүнчү ала алат.

Ми-38ди экстремалдык шартта сыноо иштери ушул жылдын июль айында аяктап, ноябрда Казандын авиазаводунда чыгарыла баштады. Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 2020-жылга карата ушундай 15 тик учак алары белгилүү болгон. Көп багыттуу Ми-38 армиянын мобилдүүлүгүн арттырып, планетанын бардык континентинде учуп, дүйнө рекорддорун жараткан МИ-8дин салтын улайт деген ишеним күч.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0