БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. "Белоруссия сулуусу — 2018" сынагынын жеңүүчүсү Мария Василевич VII чакырылыштагы Улуттук жыйындын эл өкүлдөр палатасынын депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Модель кыз Минсктин Фрунзе районуна караштуу №104 Кальвария округунан талапкерлигин койгон. Соңку маалыматтар боюнча, Василевичке 11 583 адам добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 28,94 пайызын түзөт. Аны менен кошо активист Максим Винярский жана райондук "Ремавтодордун" директору Геннадий Насиевич ат салышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Василевич Белоруссия парламентинин төмөнкү палатасынын эң жаш депутаты болуп калды. Ал учурда 22 жашта, депутат катары жаштар маселесине байланыштуу иштер менен алектенери белгиленет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мария Василевич 2018-жылы "Белоруссия сулуусу" улуттук сынагынын баш байгесин утуп алган. Андан кийин мамлекет башчысы Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнүн көп кездештиришкен. Президент модель менен чогуу отун жарып, Европа оюндарынын алкагындагы мелдештерге барып жүргөн учурлар болгон. Мындан сырткары, жолугушуулардын биринде Лукашенко ага колхозду жетектөөнү сунуштаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Нур-Султан шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны үч эсе көбөйүп, шаардын санитардык дарыгерлери коңгуроо кагууда. Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары бир айдан бери кызыл зонада. Калаада күн сайын 350дөн 650гө чейин жаңы учур катталууда.
"14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйдү. Алсак, январда 571, февралда 479, мартта 1 106 болсо, апрелде 1 790го жетти. Балдар эле эмес чоңдор арасында да ооругандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда мектептерде чектөө киргизилгенден улам апрелде окуучулар арасында оору жуктургандар 0,8 пайызга азайган", — деген Бейсенова.
Буга чейин ал коронавирус 3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көп табылып жатканын айткан. Башкы дарыгер мартка салыштырмалуу апрелде улгайгандар арасында да коронавирус илештиргендердин саны 2,2 пайызга өскөнүн кошумчалады.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясына борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди.
Анын айтымында, акцияны өткөрүүгө тыюу салуу чечимин шаардык Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.
Кундашев эске салгандай, быйыл Бишкек шаарынын күнү (29-апрель) жана Жеңиш майрамы (9-май) массалык түрдө майрамдалбай турган болгон.
"Вирус жугузгандардын саны өсүп бара жатат. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги май жана июнь айында коронавирустун үчүнчү толкуну болот деп божомолдоодо. Массалык иш-чараларга уруксат берип койсок, санитардык эрежелер бузулушу мүмкүн", — деди дарыгер.
Ал эми Россияда "Өлбөс полк" жүрүшүн эки форматта өткөрүү каралып жатат. Алгачкысы 9-майда онлайн-форматта, экинчиси 24-июнда реалдуу форматта өтүшү мүмкүн.