Скафандр астронавта NASA на выставке в рамках Международный конгресс астронавтики в Вашингтоне.

Депутат: НАТОнун космостогу пландары ааламды кыйратат

319
(жаңыланган 11:32 21.11.2019)
НАТО космосту өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү жай катары таанууну пландап жатат. Мындай кадамдын кесепети жана Россиянын болжолдуу жообу тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде Мамлекеттик Думанын коргоо боюнча комитетинин төрага орун басары Юрий Швыткин айтып берди.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг космос мейкиндигин аталган бирикменин ишмердүүлүк жүргүзө турган жайы катары жарыялоо планы бар экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мындай билдирүү Брюсселде НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо мекемелеринин жетекчилери жолугушаар алдында болгон маалымат жыйында жасалды. Анын сүйлөп жаткан учуру Twitter тармагына жарыяланган.

Альянс жетекчисинин айтымында, космос мейкиндигинин пайдаланылышы байланыш, навигация жана эрте кабардар кылуу системаларын өнүктүрүүгө жардам бермекчи. Столтенберг космоско курал-жарак жайгаштырылбай турганын белгиледи.

НАТО жетекчисинин мындай билдирүүсү бүгүнкү күндүн талабына ылайык келбей турганын Sputnik радиосунун эфиринде Мамлекеттик Думанын коргоо боюнча комитетинин төрага орун басары Юрий Швыткин айтты.

"Столтенбергдин билдирүүсү таң калтырып, башка өлкөлөргө карата агрессивдүү мамилесин чагылдырып турат. Альянс аскерий уюм болгондуктан мындай кеп-сөз космосту милитаризациялоо (согуштук максаттардан улам кайсы бир өлкөнү саясий, экономикалык жана коомдук жактан көз карандылыкка кептөө) аракети катары кабылданат. Менимче, бул дүйнөлүк коомчулукту катастрофага тушуктурат", — деди парламентарий.

Швыткин түзүлгөн кырдаалдан улам Россия НАТО тарабынан космостун милитаризацияланышына жол бербөөчү чара көрүшү керек экенин белгиледи.

"Жооп ушундай эле катуу болушу кажет, ошол эле учурда өлкөбүздү космоско курал-жарак жайгаштыруу боюнча жарышка түшүрбөшү зарыл", — деди депутат.

Белгилей кетсек, ноябрдын башында Франция президенти Эммануэль Макрон Economist журналына маек куруп жатып, "НАТО союздаш мамлекеттердин ортосундагы координацияны толугу менен жоготконун" айткан.

Мындай билдирүүнү Йенс Столтенберг да, ГФРнын канцлери Ангела Меркель да сынга алып, Макрондун НАТО боюнча айтканына таптакыр кошулбай турганын белгилешкен.

319
Белгилер:
Франция, Россия, Мамлекеттик Дума, курал-жарак, космос, альянс, НАТО
Тема боюнча
Россиялык Як-130 менен Ми-38дин артыкчылыгы. Дубайдагы көргөзмө
Куралсыздандыруу тармагында дүйнөлүк келишим базасын бузуу кимге керек
Россиялык вакцинаны алган киши. Архивдик сүрөт

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

155
(жаңыланган 15:50 11.08.2020)
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россияда чыгарылган коронавируска каршы күрөшүүчү вакцина 2021-жылдын 1-январынан тартып массалык колдонууга чыгарылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин дары каражаттарынын мамлекеттик реестринин маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган министрлик коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады. Препарат Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Россиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Маалыматта эмдөө алгач медиктерге жасалары айтылат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, андан соң массалык түрдө чыгарылат.

155
Белгилер:
сатык, колдонуучу, коронавирус, вакцина, каттоо, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Путин Россиянын коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын жарыялады
Бейтапка укол сайып жаткан дарыгер. Архив

Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты

250
(жаңыланган 15:21 11.08.2020)
Бүгүн Россиянын дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кыздарынын бири коронавируска каршы вакцина алгандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Мындай маалыматты ал өкмөттүн жыйынында Россия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнү туурасында сөз болгон учурда айтты.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

"Кыздарымдын бири да эмдөө жасатты. Мындайча айтканда, ал экспериментке катышты. Биринчи эмдөөдөн кийин эти ысып, 38 градуска чыкты, эртеси 37 градустан бир аз өйдө болду, бүттү, андан кийин калыбына келди", — деди Путин.

Бүгүн Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

250
Белгилер:
каттоо, вакцина, коронавирус, Владимир Путин, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт
Карантин аймагында турган кызматкер. Архив

Күйдүргү: Кара-Суунун Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди

0
(жаңыланган 19:00 11.08.2020)
Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапта күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталганын билдирди. Бейтаптын абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жергиликтүү тургундардын арасында күйдүргү чыккан Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирди.

Анын айтымында, карантин 18-августка чейин уланат. Эреже боюнча Тогуз-Булак айылынын тургундары сыртка чыга албайт жана аймакка башкалардын кирүүсүнө тыюу салынат.

"Бөтөнчө ооруган уйду союп, этин алгандар үйдөн чыкпай, өзүн обочолоп отурушу керек. Ошондой эле сырттан мал жандыктарды алып кирүүгө жана чыгарууга болбойт", — деди айыл өкмөттүн башчысы.

Эске сала кетсек, бүгүн, 11-августта, Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Облустук ветеринардык инспекция лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жатканын айткан.

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапта күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталганын билдирди. Учурда бардык бейтаптардын абалы канааттандырарлык, керектүү дарылоону алып жатышат.

Райондо оорунун очогун чектеп, жок кылуу үчүн ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү кызматтар менен жыйын курушкан. Ошондой эле ооруну алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

0
Белгилер:
карантин, оору, күйдүргү, Тогуз-Булак, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу
Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү