Окумуштуулар: быйылкы жыл тарыхтагы эң ысык эки учурдун бири болот

© AFP / JOHANNES EISELEАномальная жара в США
Аномальная жара в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Глобалдык температура 2019-жылдын башында орточо көрсөткүчтөн 0,94 градуска жогору болуп, 2016-жылдагы рекорддон 0,16 градуска төмөнүрөөк экени айтылат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Быйылкы жыл метеорологиялык байкоо жүргүзүлгөн убактын тарыхындагы эң ысык эки учурдун бири болот. National Geographic журналы АКШнын Атмосфера жана океанды изилдөө улуттук башкармалыгынын отчетуна шилтеме жасоо менен билдирди.

Жолдун жээгинде турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин сууктайт
Маалыматка караганда, кургактагы жана океандагы абанын орточо температурасы октябрда 0,98 градус болуп, ХХ кылымдагы орточо деңгээлден жогору экени байкалган. Мындай жылуулук бир гана 2015-жылы октябрда катталган.

Глобалдык температура 2019-жылдын башында орточо көрсөткүчтөн 0,94 градуска жогору болуп, 2016-жылдагы рекорддон 0,16 градуска төмөнүрөөк экени айтылат.

Соңку 418 айдан бери (35 жыл) жер жүзүндөгү орточо температура ХХ кылымга салыштырмалуу жогору болуп жатат. Башкармалык мындай узакка созулган жылуу температураны имараттарды жылытуудан чыккан газдын көбөйүп жатканы менен түшүндүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0