Владимир Путин Бишкектеги диний конференциянын катышуучуларына кайрылды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел заседание Совбеза РФ
Президент РФ В. Путин провел заседание Совбеза РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путиндин иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусун Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жеткирди.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. "Ислам жана православие — тынчтыктын диндери" эл аралык конференциясы өтө зарыл учурда өткөрүлүп жатат деген пикирин Россия президенти Владимир Путин билдирди. Анын кайрылуусун иш-чаранын катышуучуларына Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жеткирди.

Путиндин айтымында, ислам жана христиан диндеринин пайдубалы дүйнөдөгү башка диндердей эле гумандуулуктун негизинде түзүлгөн.

"Андыктан жарандар ортосундагы жана биздин мамлекеттердин биримдигин бекемдөө үчүн диний бирикмелердин мамлекеттик органдар менен конструктивдүү кызматташуусу зарыл. Урпактарга илгертеден сакталып келе жаткан ар кайсы дин өкүлдөрүнүн достук мамилелерин мурас катары өткөрүп беришибиз керек", — деп айтылат Путиндин кайрылуусунда.

Россия президенти конференциянын катышуучуларына эл аралык диалогду өнүктүрүү жолун издөө иштеринде ийгилик каалады.

Учурда "Ала-Арча" резиденциясында эл аралык "Ислам жана православие — тынчтыктын диндери" конференциясы өтүп жатат. Ага Россиядан келген чоң делегация жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн  дин кызматкерлери катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0