Эгиз ымыркайлар. Архивдик сүрөт

Эрте төрөлгөн эгиздин бирин түгөйү сактап калды. Реанимациядагы окуя

7826
Ымыркай эки ай бою реанимацияда жатып, өз алдынча дем ала албай койгон. Ал эми биринчи туулган бөбөк — Дилан кадимкидей тороло баштаган. Ал тургай аны ооруканадан чыгарып кетишкен.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Уэльс аймагынын тургуну Ханна Зимунья айына жетпей төрөлгөн эгиздин абалы экинчи түгөйүн инкубаторго алып келип салгандан кийин дароо жакшыргандыгын айтты. Бул тууралуу ВВС жазды.

Ымыркайлар жарыкка 2018-жылдын октябрь айында келген. 28 жаштагы Ханнанын 5,5 жарым ай учурунда толгоосу бышып, дарыгерлер эки күн бою толгоосун жандырууга аракет кылышкан. Дарыгерлердин эмгеги текке кетип, балдар 990 грамм (Дилан) жана 700 грамм (Дейниол) болуп төрөлгөн. Экинчиси, албетте, араң кыбырап, алсыз эле.

Ымыркай эки ай бою реанимацияда жатып, өз алдынча дем ала албай койгон. Ал эми биринчи туулган бөбөк — Дилан кадимкидей тороло баштаган. Ал тургай аны ооруканадан чыгарып кетишкен.

Эгиздердин өздөрүнөн бөлөк дагы үч бир тууганы ооруканадан 60 чакырым алыстыкта жашаган. Энеси Дейниолдун башка бир туугандарын карап, анын жанында күнү-түнү боло алган эмес.

Дарыгерлер баланын андан ары жашап кетишинен үмүт үзүп, бул кабарды ата-энесине угузган. Ооруканага Ханна, күйөөсү менен Диланды кошо көтөрө келишкен. Бул дүйнөдө жашай албай калган Дейниолдун жанына — инкубатордун ичине түгөйүн жанаша жаткырган. Көзүнүн жашы токтобогон энеси акыркы ирет бир тууганын кучактап алсын деген ойдо болгон.

Экөөнү кучакташтырып беш мүнөтчө жаткырышкан. Ошол эле күнү чабал түгөйдүн абалы кескин жакшыра баштаган. Саналуу сааттардан кийин кычкылтек менен 100 пайыз дем алып жаткан бөбөктү 50 пайыздык дем алууга өткөрүшкөн.

"Буга алгач ишенүү кыйын эле. Колдун башындай болгон ымыркай экинчи түгөйүнүн жашап кетишине чоң жардам берди, түрткү болду. Жанында жатканда берки баламдын абалы жакшыра баштабадыбы", — деген кубанычтан бактылуу болуп турган энеси.

Эки күндөн кийин Дейниолдун өпкөсүнө аба жеткирип турган аппаратты өчүрүшкөн. Ал эми апрель айында аны ооруканадан чыгарып кетишкен. Өткөн жылы эгиздер ата-энеси, бир туугандары менен кошо бир жашка чыккандыгын шатыра-шатман белгиледи.

7826
Белгилер:
төрөт, эгиз, Уэльс
Тема боюнча
Казакстанда эгиздер эки ай айырма менен төрөлдү
Жыл башынан бери калктын саны канчага өстү? Бала көп төрөлгөн аймактар

Пандемияны өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп... Лавров Батышты сынга алды

129
РФ ТИМинин башчысы батыш мамлекеттеринин коронавирус пандемиясын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган аракетине нааразы болду.

Сергей Лавров Кытайдын Global Times гезитине макала жазып, Батыш өзүнө жакпаган өкмөттөрдү жазалоо үчүн түзүлгөн кырдаалды пайдаланууга жандалбастап жатканын айкан. Буга мисал катары аларга Россиядан гумжардам алууга салган тыюусун келтирди.

Министр өз сөзүндө Батыштын адам укугун коргоодо кош стандарттуулукка жол берип жатканын да белгилеген. Кенинирээк биздин видеодон көрүүгө болот.

129
Белгилер:
коронавирус, пандемия, Батыш, Россия, ТИМ, Сергей Лавров
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Батыш Россияны статистиканы бурмалап жатат деп айып тагууда. Видео
Ухань шаарындагы базар. Архивдик сүрөт

Ухандан чыккан эмес. Кытай окумуштуулары коронавирустун очогун иликтөөдө

238
(жаңыланган 15:17 30.05.2020)
Окумуштуулар Ухандагы базарда сатылган жаныбарлардын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүп, алардан коронавируска анализ алышкан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кытайдын ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө улуттук борборунун окумуштуулары коронавирустун жаңы түрү Ухань шаарындагы базардан чыккан деген маалыматты төгүндөштү. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail агенттигине таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окумуштуулар Ухандагы базарда сатылган жаныбарлардын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында алардын коронавируска алынган анализдери таза чыккан. Бул вирус базарда сатылган жаныбарлардан тарады деген маалыматты четке кагарын тастыктайт.

"Көрсө, базар деле оорунун курмандыктарынын бири болгон экен", — деген борбордун жетекчиси Гао Фу.

Ошол эле убакта вирус жарганаттарда пайда болуп, андан кийин адамга башка жаныбар аркылуу жукканы аныкталды. Бирок оорунун очогу дале белгисиз.

Колин Карлсон атындагы Жорджтаун университетинин зоологунун божомолунда, инфекция Ухандагы базардан кеңири жайылып кетиши мүмкүн. Анда бир адам вирусту көп кишиге жуктуруп алган.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

238
Белгилер:
базар, коронавирус, Ухань, Кытай
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат
Кытай коронавирус кайдан чыкканын териштирүүгө даяр. Бирок бир шарт менен
Кытай коронавирустан жапа чеккендерге 2 млрд. доллар берет
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

0
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

0
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди