Арыктатчу таблеткалардын зыяны аныкталды. Иликтөө

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор арыктатчу таблеткаларды адистин көзөмөлү менен гана ичүү керектигин айтышты. Анткени тамак сиңирүүчү органдарынын жабыркашы кийин ашказанды, боорду, бөйрөктү алсыратып, гипертонияга тушуктурат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ири иликтөөнүн натыйжасында арыктоо үчүн ичилүүчү таблеткаларды байма-бай колдонуу тамак сиңирүү органдарынын ишин буза турганы аныкталды. Мындай макала American Journal of Public Health журналына чыккан.

Гарварддын Чан атындагы саламаттык сактоо коомдук мектебинин жана Бостондогу балдар госпиталынын илимпоздору арыктатчу таблеткаларды дайым ичкен аялдардын үч жылдын ичинде ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүгү арбын.

Казанда бышып жаткан эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шорпонун пайдалуулугу тастыкталды. Күтүлбөгөн жыйынтык
АКШда 2001-2016-жылдары өткөрүлгөн Growing Up Today Study изилдөөсүнө 14 жаштан 36 жашка чейинки 10 058 кыз-келин катышкан. Анализ үчүн адистер логистикалык регрессиянын адамдын жаш курагына, этникалык тамырына жана арык-семизине карап өзгөрүүчү көп варианттуу моделин пайдаланышкан.

Натыйжада бир жыл бою таблетка ичкен ден соолугу жакшы аялдардын 1,8 пайызы кийинки үч жыл аралыгында тамак сиңирүүчү бир органын жабыркаткан илдеттин биринчи белгилери байкалган. Ал эми ичти бошотуучу каражат пайдалангандардын 4,2 пайызы аталган дартка кабылган. Ал эми эч кандай таблетка ичпеген алар курактагы кыз-келиндерде бул көрсөткүч болгону бир пайызды түзгөн.

"Биз мындай арыктатчу дары-дармектин зыян экенин билчүбүз, болгону кесепети кандай экенин аныктагыбыз келди. Иликтөө мындай таблеткалар тамеки менен спирт ичимдиктеринин таасириндей эле жыйынтык берет экен", — деген  иликтөөнүн жетекчиси Брин Остин.

Илимпоздор арыктатчу таблеткаларды адистин көзөмөлү менен гана ичүү керектигин айтышты. Анткени тамак сиңирүүчү органдарынын жабыркашы кийин ашказанды, боорду, бөйрөктү алсыратып, гипертонияга тушуктурат.

Окумуштуулар аталган каражаттарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорлору зарыл экенин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0