Невролог: антибиотиктер Паркинсон оорусун өрчүтүп жиберет

© Sputnik / Табылды КадырбековМайыптар арабасында отурган адам. Архив
Майыптар арабасында отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимий топ 1998-жылдан 2014-жылга чейин Паркинсон оорусунан жапа чеккен 13 976 бейтапка жана ден соолугу жакшы 40 697 адамга көз салган. Натыйжада аталган дары-дармекти көп пайдалануу дарттын өрчүшү менен байланыштуу экени аныкталган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Антибиотиктер менен дарылануу Паркинсон оорусун өрчүтүп жибериши толук ыктымал. Финляндиялык окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы MedicalXpress басылмасына жарыяланды.

Илимий топтун жетекчиси Филип Шеперьянс аталган неврологиялык илдет менен жабыркаган бейтаптарда патология ичеги-карында пайда болушу мүмкүн. Башкача айтканда, Паркинсон оорусунун тремор, кыймылдын жайлашы, булчуңдардын катышы сыяктуу белгилери байкалганга чейин эле адамда болот.

"Паркинсон дарты менен ооруган бейтаптардын ичеги-кардынын бактериалдык курамы адаттан тыш болот, бирок мунун себеби белгисиз болчу. Биздин иликтөө айрым кеңири пайдаланылган антибиотиктер ичеги-карынга катуу таасир этип, бактериалдык курамдагы өзгөчөлүккө тиешеси болушу мүмкүн экенин көрсөттү", — деди невролог.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исмаилова: көп ичилген антибиотик организмге таасир бербей калат
Илимий топ 1998-жылдан 2014-жылга чейин Паркинсон оорусунан жапа чеккен 13 976 бейтапка жана ден соолугу жакшы 40 697 адамга көз салган. Натыйжада аталган дары-дармекти көп пайдалануу дарттын өрчүшү менен байланыштуу экени аныкталган.

Паркинсон оорусун көп органга таасир эткен антибиотиктер күчөтүп жибере турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0