Адамдар канткенде келбетине ыраазы болот? Окумуштуулардын жаңы изилдөөсү

Жазылуу
Адистер изилдөө бир гана аялдар арасында жүргүзүлгөнүн белгилешкен, бирок анын жыйынтыгы эркектерге дагы тиешелүү.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. АКШдагы Флорида университетинин окумуштуулары адам өзүнүн келбетине, тулку боюна болгон нааразычылыгын кантип азайта аларын изилдешти. Адистердин баамында, ал үчүн күзгүгө аз карануу гана жетиштүү. Бул тууралуу Medical Xpress басылмасы жазды.

Адистер изилдөө бир гана аялдар арасында жүргүзүлгөнүн белгилешкен, бирок анын жыйынтыгы эркектерге дагы тиешелүү.

"Биз өзүн күзгүдөн сейрек караган кишилерде келбетине болгон нааразычылык, депрессияга батуу жана эби жок тынчсыздануу аз болорун байкадык", — деп окумуштуу Натали Уилвер айтып берген.

Ал бул жаатта изилдөөлөр уланышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0