Телефондогу Facebook, Instagram, Twitter жана Google тиркемелери. Архив

Укук коргоочулар Google, Facebook үчүн согуш жарыялады. Россия үчүн бул жакшы

184
Маалыматтык технологиялар жаатында ишкерлик кылган Игорь Ашманов Amnesty International аттуу укук коргоо уюмунун 60 барактык отчетунда "Google жана Facebook компанияларынын бизнес-моделдери адам укуктарына кооптуулук жаратат" деп жазылганын айтты.

Ашманов сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн укук коргоочу уюм эми мамлекеттин интернетти кардиналдуу түрдө жөнгө салуусуна кызыкдар болуп, чакырык жасап жатканы таңгаларлык экенин белгилеген. Анын бул боюнча төмөндөгү материалын РИА Новости агенттиги жарыялады.

"Google менен Facebook платформалары коомго кооптуулук алып келет. Бул компаниялардын бизнес-моделдери аңдууга алынгандыктан, "адамдарды азезил менен болсо да кызматташууга" алып келип жатат. Биринчи иретте алар адамдын жеке жашоосуна киришкендиктен бир топ кесепеттерге алып келүүдө".

Отчетто Google менен Facebook өзүнүн колдонуучуларына "акысыз мүмкүнчүлүк жаратып" анын ордуна "жеке маалыматтарын берүүнү" сунуштайт.

Отчеттун аягында жеке компанияларга сунуш, кеңештер айтылган. Эгерде кыскача айтсак: купуялуулукту урматтоо керек, мамлекет жарандарын коргоосу шарт, тармактын өзүн-өзү жөндөөсү иштебейт, менчик компанияларды катуу кармап, туура иштөөгө мажбурлоо болуп саналат.

Сөз эркиндигине мамлекеттин таасир тийгизишине каршы күрөшкөн укук коргоочу уюм эми мамлекеттин интернетти кардиналдуу түрдө жөнгө салуусуна кызыкдар болуп, чакырык жасап жатканы таңгаларлык. Алар алгоритм менен медиа платформаларды мамлекеттик эксперттердин дайыма талдап турушун, анын иштелип чыгышына жана ички саясатына аудит жүргүзөт дешүүдө.

Эмне үчүн бул коммерциялык эмес уюмдун отчету талкууга алынышы керек? Amnesty International ар дайым америкалык атайын кызматтардын идеологиялык кол кабы, АКШнын "жумшак күчүнүн" элементи, Greenpeace, WWF жана башка "укук коргогон", "экологиялык" уюму сыяктуу болуп келген. Эгерде кокусунан бул уюмдар АКШнын ичинде IT-тармактын лидерлери менен каршылашып, Facebook менен Google компанияларына түз эле чабуул койсо, ал уюмдун жетекчисинин жакшырып кеткендигинен эмес.

Ал эмне Сноудендин баарын ачыкка чыгарып салганын окубай калган дейсизби? "Викиликстин" Улуттук коопсуздук агенттиги менен ЦРУнун бүткүл дүйнө боюнча аңдыгандыгын ачыктаган учурларды, Vault 7 боюнча маалыматты билген эмес дейсизби? Албетте, билген, окуган. Алар "Викиликс" боюнча Ассанжды коргоп чыккан. Элчиликте камалып, "швед сойкуларынын зордукталышы" боюнча билип туруп эле күнөөлөгөн учурларга макул эместигин билдирген.

Уюм Сноудендин 2013-жылы жасалган 24 барактан турган бир топтордун айыбын ачкан отчетуна таянган. Азыр 2019-жыл болуп калды. Буга чейин каякта жүрүштү эле?

Эгерде Amnesty капыстан эле аңдууларды эстеп, өзүнүн жаалын чын эле Facebook тарапка бурса, бул АКШнын саясий оюнунун бир бөлүгү. Аталган уюм кирген жак саясий тараптардын бир колундагы мээлейи. Балким, Марк Цукербергдин дайымкы болуп турган жазалоолорго конгресс менен сенаттагы айткандары иштебейт деле окшойт.

Тагыраагы, Amnesty — АКШнын истеблишментинин позициясы.

Эми бул жерге келгенде иш жүзүндө айта турган деле эч нерсе жок.

Ооба, Facebook, Instagram, WhatsApp, YouTube дегендер дүйнөнү толугу менен карап турат. Ошондой эле колдонуучуларга маалыматты "иргеп" берип, алардын ой-пикирин бурмалай алышат. Бул нерсе 10 жыл мурда деле белгилүү болчу. Мындан тышкары, алар колдонуучулар тууралуу маалыматтарды топтоп, АКШнын атайын кызматтарына беришет. Бул тууралуу дагы айдан ачык болчу (Эдвард Сноуден жана "Викиликс" окуясын эстеп көрсөңөр).

Акыркы 10 жылдыкта АКШда бул нерсеге эч кимдин деле башы оорубай калбады беле. Эми эмне болуп кетти?

Соңку жылдары социалдык тармактарды ишке киргизген америкалыктар аларды толук көзөмөлдөй албай турганы белгилүү болду. Тагыраагы, батыштын баалуулуктарынын бири болгон сөз эркиндиги соцтармактар аркылуу ишке аша баштады. Бул нерсе аларга ыңгайсыз. Мисалы, батыш ЖМКларында абал эчак өзгөргөн. Журналистикадан чыныгы журналисттерди кууп чыгышкан. Калам дегендерге абалды "түшүндүрүшкөн". Азыр борбордук медиалардын бардыгы ЛГБТ, глобалдык жылуулук, Грета Тунберг, Хиллари Клинтон, Сириядагы химиялык "чабуул", Гонконгдогу каршылыктар жана Европага мигранттарды кабыл алуу тууралуу темаларды жазып турушат. Мунун баары аларга саясий жагынан упай топтоп берет.

Ал эми көзөмөлсүз социалдык тармактар, идеологиялык оппоненттеринин сөз эркиндиги батышка, анын ичинен эң башкысы АКШга жакпайт.

Бирок цензураны «цензура» деп так кесе атай албайбыз, илгертен бери эле ушундай. Азыр fake news деген сөз көп колдонулат. Адатта бул эфирди булгаган жалган маалыматтар. Батыш ЖМКлары өздөрү жалган маалыматтарды жаратуучулар. Бирок өздөрүнүн идеологиясына туура келбеген бардык нерселерге дал ушундай fake news ярлыгын илип коюшат.

Ири медиа компаниялар, интернет сайттар АКШнын идеологиялык каршылаштары эмес. Алар өздөрүнүкү, Америка өкмөтүнүн саясатын колдойт, дүйнөгө либерализмди таркатканга жардам берет. Алардын топ-менеджерлери АКШ өкмөтүнүн бардык түзүмдөрүнө кирет, коопсуздук маселелери менен алектенет. Алардын Пентагон, ЦРУ менен биргеликте долбоорлору бар. Алар АКШнын Кытай, Россия, Иран, Сирия, Йемен, Сауд Аравия, Түркия жана Түндүк Кореяга каршы стратегиялык куралы.

Бирок АКШнын өзүндө жарака бар, өлкө бөлүнүп калды. 2016-жылы Трамптын "цифра" жагынан утуп кетиши (бардык божомолдоолорго жана сурамжылоолорго каршы) кайра кайталанбашы үчүн катуу күрөш башталды. Азыр саясий жактан таасирдүү болуу максатында дал ошол "цифраларга" жанталашып калышты. Тараптар жерге оонап тытышып, ошол куралга ким биринчи жетээр экен деп жанталашып жатат.

Шарттуу "цукербриндерге" басым жасоо "орустардын шайлоого кийлигишүүсү" жана fake news аракеттеринен улам пайда болгон. Эми азыр FB менен Google тармагында чабуул жасоону колго алуу үчүн жаңы шылтоо табылды. Бул "маалыматтарды манипуляциялоо" жана "купуялуукту бузуу".

Медиадагы оюнчулар бардыгын түшүнүп жатат жана жагынып калалы деп аракеттенишүүдө. Алар өз каалоосу менен өткөн жумада бардыгын кабыл алды. Тактап айтканда, атайын кызматтарга ылайык интерфейсти түзүп, "шайлоо тууралуу жалган маалыматтарды" өчүрүп баштады. Түшүндүрүп айта турган болсок, АКШнын атайын кызматтарына FB, Twitter жана башка социалдык тармактардагы маалыматтарды соттун чечими жок эле өзүнүн каалоосуна жараша өчүрүүгө түздөн-түз шарт түзүп берди.

Бирок убакыт абдан аз, санариптик гиганттарга болгон басым улам артып жатат. Андыктан колдонуучулардын укугу бар экенин эстей коюшуп, өз ишине "укук коргоочуларды" дагы тартып жатышат.

Бардык тамгалар, керек болсо Amnesty International уюмунун отчетторунда айрым сөздөр дагы жалпысынан туура. Бардык жакшы нерселер тууралуу жалпыланган сөздөр канчалык акыйкат боло алат? Аларды окуп-билип, керек болсо кээде колдонсо да болот. Бирок абдан этият болуу кажет, себеби жаныңдагы калптан, эки жүздүүлүктөн булганып алышың мүмкүн. Бул нерселердин баары бизге эмес, "үйдөгү" талаш-тартыштарга багытталганын эстен чыгарбаш керек.

Бул жактан кандай сабак алсак болот? Адамдардын социалдык тармактагы, издөө кызматтарындагы, мессенджерлердеги, смартфондордогу, көчөдөгү көзөмөл камераларындагы маалыматтарын колдонуу азырынча такталбаган укуктук талаада ишке ашып жатат. Бул нерсени биз буга чейин эле билчүбүз.

Андан сырткары, бизде абал АКШга караганда оор, себеп дегенде колдонуучулардын аккаунттарынын жарымынан көбү Россиянын интернет-сервистерине эмес, америкалыктардыкына катталган. Бул каршылаш тараптан аңдууга жана манипуляцияга болгон кошумча коркунуч. Анткени АКШ жана анын медиа гиганттары биздин түздөн-түз идеологиялык душманыбыз. Жарандар өздөрүн аңдуудан, манипуляциядан, купуялуулуктун бузулушунан сактай албайт. Ал эми коммерциялык компаниялар өзүн-өзү чектөөгө барбайт. Алар окуяны анчейин түшүнгүсү келбейт. Бул жактан алганда Amnesty International туура айтып жатат. Аны мамлекет жасашы керек. "Санарип экономикада" бекеринен 2020-жылы маалыматтар боюнча көп мыйзам кабыл алуу каралганы да бекеринен эмес.

Россия АКШ болбогондуктан чет элдик медиалык платформалардын таасирин жана аңдуусун азайтуу үчүн аларды Россиянын мыйзамдарына шайкеш келтирүү керек.

Андан сырткары, колдонуучулардын маалыматы жана медиа платформалардын милдеттери тууралуу мыйзам керек.

АКШ менен идеологиялык кармашуу уланат жана 2020-жылы боло турчу шайлоодо эң жогорку чегине жетет. Бул жерде мамлекет экиге бөлүнүшү ыктымал. Эгер алар идеология жана АКШнын өнүгүү стратегиясы боюнча өз ара сүйлөшүп, андан кийин Facebook менен Google компаниясын жөнгө салып, социалдык тармактын контенти менен алгоритмдерин башкара алса, Amnesty International белгилеп жаткандай, бул биз үчүн жаман гана болот.

Эми алар өз ара эки-үч жыл кармаша турушсун. Россияга андан бөлөгүнүн кереги жок.

184
Белгилер:
Google, Facebook, социалдык тармак, АКШ, Россия
Тема боюнча
Май каатчылыгы: АКШ Ирандагы нааразылыкты колдоп жатат. Видео