Кыргызстандык стюардесса каза тапкан авиакырсыктын себеби айтылды

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүПассажирский самолет Boeing-737-800 разбился при посадке в аэропорту Ростова-на-Дону
Пассажирский самолет Boeing-737-800 разбился при посадке в аэропорту Ростова-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дубайдан учкан Boeing 737-800 аба кемеси 2016-жылдын март айында Ростов-на-Дону шаарында кырсыктаган. Учактын ичиндеги 62 жүргүнчү менен экипаж мүчөлөрүнүн баары каза тапкан болчу.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россиядагы Ростов-на-Дону шаарында 2016-жылы болгон авиакырсыкка учкучтардын катачылыгы себеп болгон. Бул тууралуу Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин отчетунда айтылганын РИА Новости жазды.

Документтеги маалыматка караганда, кырсык болор алдында экипаждын жетекчиси экинчи пилоттун берген кеңешин укпай койгон. Ошондой эле авиакырсыкка учактын командиринин жетишсиз даярдыгы, турбуленттик жана учкучтардын чарчап тургандыгы себеп болгону айтылды.

"Учуудагы катачылык жана туура эмес конфигурациянын айынан самолет кайра айланып келүүгө аргасыз болгон. Так ошол учурда аба кемеси кырсыктаган", — деген жыйынтыкка келишти адистер.

Дубайдан учкан Boeing 737-800 аба кемеси 2016-жылдын март айында Ростов-на-Дону шаарында жерге кулап кырсыктаган. Учактын ичиндеги 62 жүргүнчү менен экипаж мүчөлөрү каза тапкан болчу. Алардын арасында FlyDubai компаниясында иштеген кыргызстандык Жылдыз Насирдинова дагы бар эле. Маркумдун сөөгү Нарында жерге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0