Допинг анализи. Архив

Жазалаш керек! WADA комитетинин сунушу эмнени каңкуулайт

99
(жаңыланган 18:54 27.11.2019)
Антидопинг дүйнөлүк агенттигинин (WADA) ачыкка чыккан планы Россиянын спорт өкүлдөрүн бери дегенде эле катуу ойго салды.

Кечээ WADA билдирүүсүн жарыялады. Анда Россия улуттук спорттогу допинг көйгөйү менен катуу күрөшүп жатканы жана аны жазалоо керектиги айтылат.

Ооба, так ушинтип жазылып турат.

Россиялык антидопинг агенттигинин (РУСАДА) ишмердүүлүгү натыйжалуу, ал эми анын башка уюмдар менен кызматташуусу үзүрлүү болгон деп табылган. Комитет алдыдагы төрт жыл аралыгында атайын уюмга мониторинг жасоонун жана көзөмөлдөөнүн зарылдыгы жок деген пикирде.

Ошол эле учурда сунушталган санкциялардын да тизмеси чыкты. Эң негизгилери — өлкөдө эл аралык мелдештерди өткөрүүгө тыюу салуу, "таза" спортчулардын мелдештерге нейтралдуу макам менен гана чыгуусу, ири мелдештерде курама командаларды улуттук желек менен чыгуу укугунан ажыратуу. Мунун баары төрт жыл аралыгында боло турган иш.

Акыркы чечим 9-декабрда WADA уюмунун аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынат.

Россия спортунун өкүлдөрүнүн бул боюнча пикири  "балким, баары жакшы болуп кетер" деген илгери үмүт, "Россия спортун өлтүрүү" деген түйшөлүү жана WADA уюмунун акыйкатсыз чечимине болгон жаалы менен коштолууда.

Спорттук юристтер мындай сунушту "болбогон сөз" дегени менен эгер ал кабыл алынып калса, жокко чыгаруу дээрлик мүмкүн эмес экенин моюндап жатышат.

Кабыл алына турган бүтүмдүн айланасында болуп жаткан сөз арасында "деги эмне болуп жатат?" деп таң калгандар да жок эмес.

Анткени көйгөйлөрдүн баары акырындап чечилип келе жатпады беле. Коюлган талаптардын баары аткарылып, кырдаалды жөнгө салуу үчүн болгон аракеттер көрүлүп жаткан. Допингге байланыштуу окуя идеологиялык жактан Батыш Россиянын бардык жактан "багынып беришин" талап кылып, өлкөнү бөлүп салган 2010-жылдарга туура келет. Ал эми чоң спорт саясат менен тыгыз байланышта эмеспи. Бирок ал кезден бери дүйнөдө ири өзгөрүүлөр болду. Өлкө кысымга туруштук берип, эл аралык аренага кайтып келди, батыш өлкөлөрү менен кызматташуу жөнгө салынып келе жатат.

Ал эми спортто жагдай курчугандан курчууда. Эмнеге? Суроо өтө маанилүү, бир карасаң жообу деле жеңил табылчудай.

WADA Россия спортуна бийлиги болгону үчүн басым кылган  мамиле жасоодо.

Россия бир нече жыл ичинде дүйнөлүк саясаттагы ордун кыйла өзгөртө алды. Мунун баарына Москва коюлган талаптарга кың дебей баш ийип бериши менен эмес, таптакыр ага карама-каршы аракеттер, ыкмалар менен жетти.

Таңууланган эрежелер менен ойноодон баш тартып, өз эрежелерин түздү. Албетте, тобокелчилик да күч болчу. Ал эми "туурадан чыгып Батышты ого бетер кыжырлантпоо" стратегиясы өлкөнү кыйроого гана алып келмек. Ошого түртүп жатышкан.

Мунун жыйынтыгы маалым. "Кремлдин авантюралары" — санкцияларга санкция менен жооп берүүдөн Сириядагы аскерий операцияларга чейинки кадамдар, импорттун ордуна мүмкүн болгон тараптын баарына карай курулган түтүктөр  акыры келип артыкчылыкка айланып, батыш мамлекеттери менен алака да жөнгө салынды.

Дагы бир жолу айталы: мунун баары алар өздөрүнүн туура эмес кылганын моюндаганы үчүн эмес, Россия аларга эч бир мүмкүнчүлүк бербей койгонунан улам ишке ашты.

Дипломатия, экономика, аскердик тармак, нефть, газ жана башка багыттардан айырмаланып, Россия спорту башка жол менен кетти. WADA, Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация жана башка дөө-шаа уюмдар менен урушкан жок. Бардык талаптарды унчукпастан аткарды.

Тилекке каршы, үмүт акталган жок.

Абалдын оордугуна карабай, түзүлгөн кырдаал Россия башка тармакта коюлган талаптарды аткарбай моюн толгогону туура болгонун айгинелейт.

Бул окуя Россия бир нерсени натуура кылганы үчүн эмес, жөн гана алардын "мен ушинтип кое алам" деген көкүрөк ургулаган ишениминен тепкиге алынарын көрсөттү.

99
Белгилер:
кремль, Москва, Аскер, экономика, спорт, Россия, комитет, допинг
Тема боюнча
Канат Аманкулов машыктыруучулардан Олимпиадага даярдык боюнча маалымат алды
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

13
(жаңыланган 21:08 26.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш  жарыялаган жаңы кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай койбойт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! "Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын" коркутту. Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга "биз силерге баратабыз" дегендей сөөмөй кезеди.

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: "Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет" деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу "берлиндик бейтаптын" тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду, Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында "Путин! Путин!" деп жапырт кыйкыргандарга "эскертүү" болду окшойт.

Бул "маселени" жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немец тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы. — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

RT берүүлөрүнө салынган тыюу: Батыш Россияга кантип каршы иштөөнү билбей калды

Эмнеге немец гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алгысы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында "шек жаратууну" көздөйт.

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери "уулануу" боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин "даярдыксыздыгы" менен түшүндүрөт. Аларды тек гана "туура багыттоо" зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине "туура" эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи, сенсациялык "фактылардын" чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушу менен да түшүндүрүлөт. Анткени булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык "Лиганын" жеңишинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. "Лигага" байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал Россияга акча которуп турган" дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга "которулганы" деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери "рублди да, матрешканы да" эч ким таба албаганы тууралуу "Лиганын" лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа "саткын" деп жарыялагандарды тегиз тазалоо жана коркутуу менен бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

13
Белгилер:
ЖМК, маалымат каражаттары, Геосаясат, Европа, Россия
Тема боюнча
Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

103
(жаңыланган 20:57 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлар үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6 килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

103
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу

Улуу Ата Мекендик согуштун кылым жашаган ардагери видео куттуктоо

0
(жаңыланган 21:32 26.09.2020)
Улуу Ата Мекендик согуштун Бишкек шаарындагы ардагерин туулган күнү менен куттуктап Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.

Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат. Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.

  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ветеран Великой Отечественной войны Иван Николаевич Голиков, который отмечает 100 – летний юбилей
    Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.

"Фрунзе" заводунда жана Кажы-Сайдагы тоо-кенин байытуу комбинатында тогуз жыл иштеген. Согуштан кийин ал жерден советтик өнөр жай үчүн уран казышкан. Дагы 32 жыл Сибирде эмгектенип, ардагер эмгек жолун 77 жашында аяктаган. Сибирден кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Ала-Бука: согуштун 94 жаштагы эки ардагерине автоунаалар белекке берилди. Сүрөт

Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.

"Иван Николаевич, сиздин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мекенибизди жана башка европалык өлкөлөрдү бошотуудагы эрдигиңизди урматтайбыз. Азыркы заман үчүн сизге рахмат", — деп Сургаев ыраазылыгын билдирди.

Туугандарынын айтымына караганда, Иван Николаевич көп жагымсыздыкты алып келген согуш туурасында эстегиси келбейт.

Ардагер элчиликтин ар дайым көңүл буруп турганына жана бүгүнкү куттуктоосуна ыраазылыгын айтты.

0
Белгилер:
куттуктоо, КР элчилиги, Россия, ардагер, согуш, Улуу Ата Мекендик согуш, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар