Туруктуулук техникасы: Россия ТУ-160М учагын жасоону жандандырды

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүТу-160 учагы. Архив
Ту-160 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ту-160М жаңы типтеги машина эле болбостон, таптакыр башкача учак болуп калмакчы. Курал-жарагы жаңылана турганын баяндамачы Александр Хроленко кенен жазып берди.

Москва Россиянын чек арасындагы бардык периметр боюнча согуштук коркунучтарга туура жана эффективдүү кароодо. РФтин ыраак авиациясы Ту-160М стратегиялык ракета алып жүрүүчүлөрүнүн сериялык өндүрүшүн жандандыруу жана Ту-160 учактарынын заманга ылайыкташтыруунун эсебинен сокку кубатын ыкчам көбөйтүүдө. Бүгүн бул объектилер өлкөнүн стратегиялык өзөктүк күчүнүн курамында аскерий түзүмдө.

Заманбапташтырылган он Ту-160М ракета алып жүрүүчүнүн курулуп жаткан убагы (бул партиянын жалпы наркы — 150 миллиард рубль). Учушу 2020-жылдын аягында сынала баштайт. "Интерфакстын" маалыматына таянсак, кайрадан курулган Ту-160М жаңы стратегиялык ракета алып жүрүүчү-бомбалоочу учак РФтин Коргоо министрлигине 2021-жылы өткөрүлмөкчү (мурда Ту-160М2 деген аталыш пайдаланылган). "Туполевдун" маалыматы боюнча, РФ Коргоо министрлиги мындай машинадан 50 даана сатып алууну пландоодо. Аны менен катар эле ТУ-160М ракета алып жүрүүчүнүн деңгээлине дейре жеткирүү аракетинде түзүмдүк 16 "стратег" жаңыланууда.

Ту-22М3 ультраүндүү бомбалоочу учак-ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кинжал" кайтып келди. Россиянын Ту-22М3 учагын кайра учурушуна эмне себеп?
Казань авиациялык заводундагы Ту-160М өндүрүшүнүн жанданышы жана жаңыланышы ПАК ДА көзгө көрүнбөс учак долбоорун унуттурбайт (ыраак авиациясынын келечектүү авиациялык комплекси). Жаңы Ту-160М борту кийин ПАК ДА долбооруна пайдаланыла турган интеграцияланган модулдук авиониканын элементтери менен жасалат.

Эволюция ракета алып жүрүүчүнүн башка элементтерине — борттук радиоэлектрондук жабдыктын, куралды башкаруу комплекси, экипажды камсыздоо тутумун бөлөк технологиялык элементтерине да тиешелүү.

Жаңы мүмкүнчүлүктөр

Сериялык Ту-160М жаңы курулган машина гана эмес, таптакыр жаңы учак болмокчу. "Радиоэлектрондук технологиялар" концерни (КРЭТ) заманбап эсептөөчү жана борттук тутумдарды, көзөмөл каражатын, платформасыз инерциялык навигациялык тутумун, радиоэлектрондук күрөш комплексин, жабдыкты башкаруу тутумун курат. Заманбапташтырылган бомбалоочу Туполев-160М абадан чабуулга каршы коргонуунун жана тоскоолдуктардан коргоочу мыктыланган тутумдары менен жабдылат.

Бир катар түйүндөрүн заманбапташтыруунун эсебинен 02 сериясындагы НК-32 авиа кыймылдаткычы үнөмдүүрөөк болуп калды, бул учуштун максималдуу ыраактыгын 15 миң чакырымга чейин жогорулатат. Кыймылдаткыч куруучу биргелешкен корпорациясы ("Ростех" концернинин курамындагы) экинчи жыл "Кузнецов" самаралык ишканасында кыймылдаткычтын стенддик сыноосун өткөрүп келет. 2030-жылга чейин бардык түзүмдүк Ту-160 учактарын экинчи сериядагы НК-32 кыймылдаткычтары менен кайра жабдып чыгышат.

Оңой эмес экен! Россиянын Кыргызстанга берген аскерий техникасынын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Оңой эмес экен! Россиянын Кыргызстанга берген аскерий техникасынын видеосу
Учак жабдыктын жаңыланган арсеналын — алыс жайгашкан райондордо жана согуштук аракеттердин жүрүп жаткан жерден тыш аймакта душмандардын аба жана деңиз объектилерин жок кылууга багытталган кадимки жана өзөктүк аскерий бөлүгү бар канаттуу ракеталарды алат.

Ту-160М Сирияда сыналган Х-101 канаттуу ракеталарды пайдаланышы жана душмандын ПВО аракеттеринин аймагына кирбестен аракет этиши мүмкүн.

Х-101 анча байкалбаган канаттуу жаңы ракетанын максималдуу ыраактыгы 5500 чакты чакырым. Х-101дин кадимки модификациясы тротилдик эквивалентте 400 чакты чакырымдын тегерегиндеги кубаттуулуктагы согуштук түзүмгө ээ. Ал эми атайын бөлүгү (Х-102) 250 килотоннадан 1 мегатоннага чейинки кубаттуулуктагы термоөзөктүк бөлүк менен жабдылган. Револьвердик аракетке келтирүүчү орнотмолору бөлүктөрүндө 12 канаттуу ракетаны алып жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ту-160М стратегиялык бомбалоочу үчүн болуп көрбөгөндөй ылдамдыкты саатына 2200 чакырымга чейин өрчүтө алат, башка мүнөздөмөлөрү боюнча да батыштагы аналогдорунан алда канча ашат. Жакынкы он жылдыктарда жаңыртылган "Белый лебедь" өзөктүк ооздуктоонун ынанымдуу фактору катары Россияга кыйла пайдалуу болот.

Бүтө элек тарых

2000-жылга дейре Ту-160 ракета алып жүрүүчү-бомбалоочудан 36 бирдик чыгарылган. Казань авиациялык заводунда Ту-160М вариантында стратегиялык бомбалоочуну өндүрүүнү жандандыруу чечими 2015-жылы кабыл алынган, ал эми үч жылдан кийин 2018-жылдын 25-январында биринчи учушка чыккан жаңы ракета алып жүрүүчү курулган.

Учения ОДКБ в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
"Терминатордун" Ысык-Көлдөгү соккусу. Аскерий баяндамачы машыгуулар тууралуу
Канатынын уникалдуу түзүлүшү (жебесинин көрүнүшүнүн ар кыл позициясында кулачы 35,6дан 55,7 метрге жетет) учакка ультра үндүү ылдамдыкка форсаж режиминде чыгууга, душмандын ПВОсунун чегин 45 тоннага чейинки согуштук жүк менен саатына 2200 чакырымдык ылдамдыкта ашууга мүмкүндүк берет.

Ту-160 АКШда континенттер аралык В-1 (америкалыктар мындайдан 21 учак курушкан) бомбалоочу учагынын пайда болушуна жооп катары түзгөн. Бирок Ту-160 башынан эле советтик конструктордук мектептин күчүн жана технологиянын деңгээлин айгинелеген бир нече долбоордук модификацияга ээ.

Ту-160ПП модификациясы — радиоэлектрондук күрөштүн учагы. Ту-160К анык чыгааны бортунда салмагы 24 тоннадан болгон эки "Кречет-Р" МБРди 10 миң чакырымга чейин ташый алат. Ту-160П варианты – ыраакта коштоонун оор кыйраткыч учагы. Ту-160Внын кызыгы арбын модификациясы күйүүчү зат катары пайдаланылган суюк суутек (-253 °Cга чейинки аба даражасында) менен иштеген күчтүү орнотмо менен жабдылган. Технологиялык бүтөлүшү Ту-160тын жаңы вариантынын кең келечегин камсыздап берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0