Ооруканадагы ымыркай. Архив

Келбети үрөй учурган наристенин операциядан кийинки жүзүн көрсөтүштү. Видео

19773
(жаңыланган 12:21 28.11.2019)
Тасмада көрүнүп тургандай, кыздын чекесиндеги операция жасалган бөлүгү кадимкидей аппак болуп калган. Ал эми кызын көтөргөн энеси кубанычын жашыра албай турган учуру.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Интернет колдонуучулар "Бэтмендин маскасын кийген кыз" деп атап жүргөн АКШлык бөбөктүн бетиндеги калдын бир бөлүгү алынды. Бул тууралуу наристенин апасы Кэрол Феннер өзүнүн Instagram баракчасына жазып, видео жүктөдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ♥️ Mamãe Carol & Baby Luna ♥️ (@luna.love.hope)

Эске салсак, флоридалык 35 жаштагы Кэрол Феннер аттуу келин ушул жылдын март айында кыздуу болгон. Дарыгерлер ымыркай төрөлгөндө бетин жарым-жартылай каптап турган кара такты көрүп, тери рагы деп божомолдошкон. Бирок кийин анализдери жакшы чыгып, меланоцитардык невус — сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.

Кийин анын ата-энеси кызын дарылап бере турган мыкты дарыгерлер Россияда бар экенин билип, бөбөктү Краснодарга алып келишкен. Бир нече апта мурда дарыгерлер кызга операция жасап, калдын чеке жактагы бөлүгүн алышкан.

Видеодо сүйлөп жаткан дарыгердин айтымында, операциянын жыйынтыктары медиктер күткөндөн дагы жакшы болду.

"Наристе менен апасын жаңы жылдын алдында үйүнө жиберели дегенбиз. Бирок экөө андан дагы эрте, 1-декабрда, АКШга учканы турат. Бирок келерки жылдын январь айынын аягында кайра жолугабыз", — деди дарыгер.

Видеодон көрүнүп тургандай, кыздын чекесиндеги операция жасалган бөлүгү кадимкидей аппак болуп калган.

19773
Белгилер:
операция, бөбөктөр, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШда төрөлгөн өзгөчө наристе элдин үрөйүн учурду. Сүрөт
Келбети үрөй учурган наристеге Россияда операция жасалды. Сүрөт

Пандемияны өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп... Лавров Батышты сынга алды

129
РФ ТИМинин башчысы батыш мамлекеттеринин коронавирус пандемиясын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган аракетине нааразы болду.

Сергей Лавров Кытайдын Global Times гезитине макала жазып, Батыш өзүнө жакпаган өкмөттөрдү жазалоо үчүн түзүлгөн кырдаалды пайдаланууга жандалбастап жатканын айкан. Буга мисал катары аларга Россиядан гумжардам алууга салган тыюусун келтирди.

Министр өз сөзүндө Батыштын адам укугун коргоодо кош стандарттуулукка жол берип жатканын да белгилеген. Кенинирээк биздин видеодон көрүүгө болот.

129
Белгилер:
коронавирус, пандемия, Батыш, Россия, ТИМ, Сергей Лавров
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Батыш Россияны статистиканы бурмалап жатат деп айып тагууда. Видео
Ухань шаарындагы базар. Архивдик сүрөт

Ухандан чыккан эмес. Кытай окумуштуулары коронавирустун очогун иликтөөдө

236
(жаңыланган 15:17 30.05.2020)
Окумуштуулар Ухандагы базарда сатылган жаныбарлардын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүп, алардан коронавируска анализ алышкан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кытайдын ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө улуттук борборунун окумуштуулары коронавирустун жаңы түрү Ухань шаарындагы базардан чыккан деген маалыматты төгүндөштү. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail агенттигине таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окумуштуулар Ухандагы базарда сатылган жаныбарлардын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында алардын коронавируска алынган анализдери таза чыккан. Бул вирус базарда сатылган жаныбарлардан тарады деген маалыматты четке кагарын тастыктайт.

"Көрсө, базар деле оорунун курмандыктарынын бири болгон экен", — деген борбордун жетекчиси Гао Фу.

Ошол эле убакта вирус жарганаттарда пайда болуп, андан кийин адамга башка жаныбар аркылуу жукканы аныкталды. Бирок оорунун очогу дале белгисиз.

Колин Карлсон атындагы Жорджтаун университетинин зоологунун божомолунда, инфекция Ухандагы базардан кеңири жайылып кетиши мүмкүн. Анда бир адам вирусту көп кишиге жуктуруп алган.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

236
Белгилер:
базар, коронавирус, Ухань, Кытай
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат
Кытай коронавирус кайдан чыкканын териштирүүгө даяр. Бирок бир шарт менен
Кытай коронавирустан жапа чеккендерге 2 млрд. доллар берет
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

0
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

0
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди