АКШ: дарыгерлер бөйрөк сала турган адамды алмаштырып алды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүКраевая клиническая больница Краснодара
Краевая клиническая больница Краснодара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты күн өткөндөн кийин бөйрөккө муктаж болгон адамга операция ийгиликтүү жасалган. Окуя 2019-жылдын 15-ноябрында болгону айтылат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Нью-Джерси штатындагы ооруканалардын адистери донордун бөйрөгүн пландалгандан башка адамга жаңылып салып алышкан. Бул туурасында BBC жазды.

Бала көтөргөн келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Денесинен 16 ийне табылган бала. Өзбекстандык бөбөк кантип жашап жатат
Окуя 2019-жылдын 15-ноябрында болгон. 51 жаштагы кишини аты уйкаш адамга алмаштырып алышкан. Дарыгерлер териштире келгенде экөөнүн аты да, жашы да бирдей болуп чыккан.

Медициналык мекеменин кызматкерлери окуя тууралуу трансплантация кыла турган органдарды сатып алган уюм менен штаттын Саламаттыкты сактоо министрлигине кабарлашкан. Андан алты күн өткөндөн кийин бөйрөккө муктаж болгон адамга операция ийгиликтүү жасалган.

Оорукана жетекчиси болуп көрбөгөндөй катачылыкты мойнуна алып, экинчи мындай нерсе кайталанбашы үчүн чараларды көрөрүн убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0