"Чыдабай калдым". Мадонна ден соолугунан улам концерттерин токтотту

© AFP / Kevin Winter/Getty ImagesПевица Мадонна во время выступления на 2016 Billboard Music Awards
Певица Мадонна во время выступления на 2016 Billboard Music Awards - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы пландалган турнесинин алкагында 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бостондо үч концерт бериши керек болчу.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Америкалык ырчы Мадонна ден соолугунан улам Madame X гастролдук программасынын алкагында үч концертин токтотууга аргасыз болду. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Madonna (@madonna)

61 жаштагы ырчы турнесинин алкагында 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бостондо үч концерт бериши керек болчу.

Ал мындай кадамга дарыгерлердин корутундусунан кийин барган.

"Күтүүсүздөн болгон мындай окуя үчүн кечирим сурайм. Силердин алдыңарда ырдоо мен үчүн ырахат. Аларды токтотуу мага болгон жаза. Бирок азыр менин оорум жан чыдагыс болууда. Мен бир аз эс алып, кийинки концерттерди улантуу үчүн дарыгерлердин айткандарын кылышым керек", — деди ал.

Мадонна жанын кыйнап жаткан дарт тууралуу так жазган эмес. Буга чейин ал Сан-Францискодогу концерт маалында тамагы менен тизеси ооруп жатканын айткан болчу.

Ырчынын расмий сайтында Бостондо болбой калган концерт башка датага жылдырылбай турганы маалымдалды. Буга чейин сатылган билеттердин акчасы кайтарылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0