Таттуудан баш тартуу эмнеге алып келерин диетолог айтып берди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТорт, пирожныйлар. Архив
Торт, пирожныйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, адам кайсы бир тамактан өзүн чектеп турса, тескерисинче, аны жегенге каалоосу артат. Натыйжада зыяндуу, жогорку калориялуу азыктарга табит тартып, ашыкча жеп алууга, салмак кошууга алып келет.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Таттуудан өзүн мажбурлап баш тарткан адамдын психикасы бузулуп, зыяндуу тамактарды көп жеп баштайт. Бул туурасында "Известия" жазды.

Диетолог Бриджит Цейтлиндин айтымында, адам кайсы бир тамактан өзүн чектеп турса, тескерисинче, аны жегенге каалоосу артат. Натыйжада зыяндуу, жогорку калориялуу азыктарга табит тартып, көп жеп алууга, салмак кошууга алып келет.

Цейтлин белгилегендей, жеп алган шоколад үчүн өзүңдү күнөөлөп, калорияларын эсептеп туруунун кажети жок. Ал психикалык абалга доо кетирет.

"Жашоодо ансыз да толтура стресс бар. Жеген тамак аш болушу керек", — деген диетолог.

Буга чейин диетологдор зат алмашууну жакшыртам дегендер кандай тамак жеши керектигин санап берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0