Лондон көпүрөсүндө киши элге бычак менен кол салды. Видео

© REUTERS / Peter NichollsНападение мужчины с ножом на прохожих в Лондоне
Нападение мужчины с ножом на прохожих в Лондоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лондондогу көпүрөдө кишилерге бычак менен кол салган адам буга чейин терроризм менен байланышкан иш үчүн отуруп чыкканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жума күнү түштөн кийин Лондондогу көпүрөдөн кишилерге бычак менен кол салган жаран 28 жаштагы Усман Хан экенин полиция маалымдады. Ал 2012-жылы кесилип, бирок 2018-жылы декабрда мөөнөтүнөн мурда бошотулганын BBC басылмасы жазды. 

Момент убийства Айеркена Саимаити попал на видео — стреляли в упор - Sputnik Кыргызстан
Айэркен Саймаитини атып кеткен учурдун видеосу
Белгилей кетсек, бычак менен кол салуудан бир нече киши жаракат алып, эки киши каза болгон. Кол салган кишини Лондон полициясынын спецназы атып өлтүргөн.

Укук коргоо органдары бул кол салуунун мотиви кандай болгонун азырынча айтуу эрте экенин, бирок теракт болушу ыктымал деген божомолун билдирүүдө.

Лондон көпүрөсү Британиянын баш калаасындагы эл көп жүргөн жерлердин катарына кирет. Бул аймакта финансы уюмдары менен соода борборлору тыгыз жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0