Анна Семенович илдеттен улам төшүн кичирейтти

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРоссиялык ырчы Анна Семенович. Архив
Россиялык ырчы Анна Семенович. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы жакшы адис издеп Германия, Израилге барып көргөн, бирок курбусунун кеңеши менен Голливуд жылдыздарына операция жасаган АКШлык дарыгерге кайрылды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россиялык ырчы Анна Семенович сейрек кездешүүчү оорудан улам төшүн кичирейтти. Бул тууралуу өзү "НТВ" телеканалына айтып берген.

Дарыгерлер ага сейрек кездешүүчү гигантомастия диагнозун коюп, мындан улам ырчы төшүн бешинчи өлчөмгө чейин кичирейтүүгө аргасыз болгон.

"Гигантомастия — бул эмчектин алтынчы өлчөмдөн жогору болушу. Мындай диагнозду аялдын бир эмчегинин салмагы 2,5 килограммдан ашып кетсе коёт. Мен маммологго консультацияга барганымда тогузунчу өлчөмдөн бешинчиге чейин кичирейтүүнү сунушташты", — деди Семенович.

Ырчынын айтымында, ал жакшы адис издеп Германия, Израилге барып көргөн, бирок курбусунун кеңеши менен Голливуд жылдыздарына операция жасаган АКШлык дарыгерге кайрылды. Семенович өзүнүн илдети боюнча беш жыл мурда кабардар болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0