БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Окумуштуулар айрым азыктардын ракка каршы касиети бар экендигин аныкташты. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Тизмеге алма кирген. Анын курамындагы полифенолдор эмчектеги рак клеткаларынын өсүшүн басаңдатат, ошондой эле жүрөк-кан тамыр илдеттерин жана инфекциялардын алдын алат.
Андан тышкары, кайчылашкан гүлдүү жашылчалар — брокколи, түстүү капуста жана кадимки капуста дагы рак клеткаларынын өсүшүн жайлатат.
Онкологиялык ооруларды азайткан азыктарга сабиз, балык майы, жаңгак, буурчак, кофе жана кетчуп кирген.
Сабиз иммундук системаны бекемдейт, балыктын майы ооруну басаңдатат. Тамакка кетчуп, томат ширесин, томат пастасын жана башка помидордон жасалган азыктарды колдонуу эркектерде простата рагынын өрчүшүн алдын алат.Жаңгактын бардык түрүндө ракка каршы заттар бар. Төө буурчак, буурчак жана чечевица клетчаткага бай болгондуктан ичеги-карын менен эмчек рагынын илдетин алдын алууга көмөкчү болот.
Ал эми кофе боордун циррозу менен рагын болтурбоого жардам берери айтылды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
Акыркы жолу Нуньес өткөн жылдын июнь айында өткөн UFC 250 турниринде Фелиция Спенсер менен беттешип, калыстар тобунун добушу менен жеңүүчү деп табылган.
Ал эми Андерсон 2020-жылдын февраль айында UFC Fight Night 169 мелдешинде Норма Дюмон менен кез келип, биринчи раундда эле каршылашын нокаутка кетирген.Орточо оор салмактагы Ян Блахович менен орто салмактагы чемпион Исраэл Адесаньенин кармашы кеченин башкы беттеши болмокчу.
Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда турган беттеш Петр Ян менен Алджамейн Стерлингдин кармашы болот.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.