Окумуштуулардын изилдөөсү жер жүзүн ачкачылык күтүп турганын көрсөттү

© AFP / ORLANDO SIERRAКургап калган жер. Архив
Кургап калган жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин пикиринде, адамдардын 90 пайызы кылымдын соңунда азык-түлүктүн көлөмү түшүп кетүү коркунучунда турган аймактарда жашайт.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жердеги климат өзгөрүп, анын кесепетинен айыл чарба жана деңиз азыктары кыйла азайышы мүмкүн. Мындан улам ачкачылык башталат деген коркунуч бар. Бул тууралуу Phys.org окумуштуулардын эл аралык тобуна шилтеме берип жазды.

Адистер айыл чарба менен балык уулоо тармагынын абалына алдын ала прогноз кылуу үчүн теориялык модель түзүшкөн.

"Материалда кайсы аймактарда айыл чарба багытындагы өсүмдүктөр өстүрүлүп, кайсы жерде балык кармалары жана бул жерлерге климаттын таасири кандай болору көрсөтүлгөн. Мисалы, абанын температурасынын жогорулашы айрыкча тропик алкактарына таасир этиши мүмкүн. Ал эми түндүк тараптагы өлкөлөрдө (Канада, Россия) климат айыл чарба азыктарына терс таасирин тийгизбейт", — деп айтылат маалыматта.

Өкүнүчтүүсү адамдардын 90 пайызы кылымдын соңунда азык-түлүктүн көлөмү түшүп кетүү коркунучунда турган аймактарда жашайт. Айыл чарба продукциялары 25 пайызга, балык уулоо 60 пайызга төмөндөйт деген божомол бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0