"Токтоно албай калды". Эксперт АКШнын "виза согушу" тууралуу

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүФлаги РФ и США на здании посольства США
Флаги РФ и США на здании посольства США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын бийлиги Россиянын федералдык казынасынын делегациясы менен ТИМ департаментинин башчысына виза берген жок. Sputnik радиосунун эфиринде эксперт Дмитрий Солонников Вашингтон эмнени каалап жатканын айтып берди.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. АКШ россиялыктарга кайрадан виза бербей койду. Бул жолу Федералдык казыначылыктын делегация мүчөлөрү менен Тышкы иштер министрлигинин Чет жактагы мекендештер менен иштөө департаментинин директору Олег Мальгинов виза ала алышкан жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Казыначылыктын делегациясы 3-декабрда Вашингтонго Аудитордук кесипти жөнгө салуу эл аралык институтунун конференциясына катышуу үчүн келмек. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин кызматкери 28-29-ноябрда Нью-Йоркто өтө турчу эл аралык форумга барышы керек болчу.

НАТОнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАТОдогу пикир келишпестиктен Россия утабы же утулабы. Саресеп
Россиянын Вашингтондогу элчилиги АКШ мамлекеттик кызматта иштеген россиялыктардын киришине акырындык менен чектөө киргизип, маанилүү сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылып жатканын билдирди.

Буга чейин АКШ БУУнун Нью-Йорктогу Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына катыша турчу Россия делегациясынын 18 мүчөсүнө виза берген эмес. Бул окуядан кийин Москва Вашингтон "виза согушун" баштап жатканын билдирген.

Sputnik радиосунун эфиринде Заманбап мамлекеттик өнүгүү институтунун директору Дмитрий Солонников окуя боюнча Вашингтон Москваны "басып" салууга умтулуп жатат деген пикирин билдирген.

"Россия дүйнө капиталынын айлануусу сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулаган эл аралык конференцияларга катышуусу керек. Бирок Россияны мындай форматтан четтетүүгө аракет кылышууда. АКШнын андай мүмкүнчүлүгү бар, алар дүйнөдө болуп жаткан процесстерди башкарып жүрүп көнүп калган, эми токтоно албай калды. Ал жактагылардын баары Россия менен мамиле түзүү керектигин айтышууда. Бирок ал үчүн Россия АКШнын гегемониясын таанып, алар койгон шартка көнсө гана бардык байланыштар жакшырарын айтып жатышат", — деди Солонников.

Ал ортодо Америка президенти Дональд Трамп демократтар демилгелеген импичмент анын 2020-жылдагы шайлоодо жеңишке жетерине жардам берерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0