Shazam 2019-жылдагы эң популярдуу ырларды аныктады

© AP Photo / Willy SanjuanАмерикалык 17 жаштагы ырчы Билли Айлиш. Архив
Америкалык 17 жаштагы ырчы Билли Айлиш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистикага караганда, узап бара жаткан жылда Shazam аркылуу эң көп изделген ырлардын арасынан Билли Айлиштин Bad guy чыгармасы алдына эч кимди салган жок.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Shazam музыкалык сервиси 2019-жылы колдонуучулар эң көп издеген ырлардын тизмесин жарыялады. Мындай маалыматты Variety басылмасы жазып чыкты.

Дүйнө жүзү боюнча эң көп изделген ыр деп америкалык 17 жаштагы ырчы Билли Айлиштин Bad guy чыгармасы табылды.

Экинчи орунга Льюс Капальдинин Somebody you loved композициясы татыктуу болду.

Ал эми үчүнчү орунга австралиялык Tones and I аттуу ырчынын Dance monkey ыры чыкты. 

Андан кийинки тепкичте Calma композициясы менен ырчылар Pedro Capo менен Farruko турат. Ал эми бешинчи орунду Meduza жана Goodboys топторунун Piece of your heart ыры ээледи.

Sputnik Кыргызстан буга чейин тойдо элдин маанайын көтөрүп хитке айланган ырларды тизмектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0