Трампка импичмент шылтоосу менен күнөө тагылууда. Ак үйдүн жообу

© REUTERS / Leah MillisАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын төмөнкү палатасынын спикери демократтардын президентке импичмент жарыялоо аракетинин саясат менен байланышы жок экендигин айткан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. АКШнын эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси импичмент жарыялоо максатында АКШ президенти Дональд Трампка күнөө тагылып жаткандыгын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мыйзамчы сот иштери боюнча комитетке кайрылып, күнөөлөөнү бардык пункттар боюнча топтоштуруп, тиешелүү документтери даярдап берүүнү сурангандыгын айтты.

"Президент бизге башка арга калтырган жок. Себеби кайрадан өзүнүн саясий муктаждыктарынан улам шайлоону "үзгүлтүккө" учуратканы турат. Ыйгарым укуктарын арттырып, улуттук коопсуздукту алсыратып жана шайлоонун таза өтүшүн үзгүлтүккө кептегени жатат", — деди Пелоси теле кайрылуусунда.

Буга чейин ал Вашингтондогу маалымат жыйында демократтардын мамлекет башчысына импичмент даярдоо аракети саясат менен жалпы байланышы жоктугун айтты.

Ак үйдүн маалымат кызматы ага жооп кылып билдирүү даярдаган.

"Спикер Пелоси ар дайым кылып жүргөнүн жасады. Америка элинин муктаждыгын тоготпой, өзүнүн өзүмчүлдүк саясий кызыкчылыгын алдыга чыгарып жатат. Демократтардын жасалма импичменти — эркин жана адилеттүү өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну каалаган бир тараптуу партиялык аракети. Демократтардын мойнуна алгандыгына караганда, алар "президенттин импичментине" милдеттүү, себеби Америка элинин эрки менен өткөн тандоосуна таасир бере алышпайт", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Эл өкүлдөр палатасынын сайтындагы соттук иштер боюнча комитеттин маалыматында далилдер 9-декабрда көрсөтүлөрү айтылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын эл өкүлдөрү Трамптын импичменти боюнча докладды бекитти
Демократтар Трампка каршы импичмент процессин ал Украинанын аскерий жардамын кармап туруп алып, шарт койгону айтылат. Трамп шайлоодогу атаандашы Жо Байден жана уулу Хантерге каршы иликтөө жүргүзүү талабын коюп, жүктү коё берүүнү соодалашкан. Ал эми Трамп Украинадан коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылганын айткан.

Демократтар президентке бир канча күнөө тагуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Ал ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткени, конгресстеги мыйзамдуулукка тоскоол кылганы дешти.

Эгерде демократтар көзөмөлдөгөн конгресс — эл өкүлдөрү палатасы импичмент үчүн добуш берсе, иш сенатка өтөт. Анда Трамптын партиялаштары, республикачылар көп. Азыр алардын Трампты бийликтен четтетүүгө ниети жок экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0