Эркектин күчүнө күч кошкон гормонду кайсы азыктардан алса болот? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытый чемпионат КР по бодибилдингу IFBB в Бишкеке
Открытый чемпионат КР по бодибилдингу IFBB в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тестостерон аз кандуулук, кант диабети, остеопороз жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт. Ошондой эле бул гормон эркектин толуп кетпей, салмагын туруктуу кармап туруусуна жардам берет.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Испаниялык диетолог Энкарни Перес эркектин тестостерон гормонун көбөйтө турган беш азыкты атады. Аларды LaVanguardia гезити тизмектеди.

"Организмде тестостерон жетиштүү деңгээлде болсо эркек көп чарчабайт. Аз кандуулук, кант диабети, остеопороз жана жүрөк-кан тамыр оорулары дагы алыс болот. Ошондой эле бул гормон эркектин толуп кетпей, салмагын туруктуу кармап туруусуна жардам берет", — дейт Перес.

Андыктан адис эркектерге тестостеронду төшөктөгү күч-кубат үчүн гана эмес, жалпы эле жашоонун сапатын жакшыртуу үчүн нормада кармоо зарыл экенин эскертет.

Эркектин организмине аба менен суудай зарыл болгон бул гормонду төмөндөгү азыктардан алса болот:

— жумуртка — D витаминине бай, күн сайын жей берсе болот;

— сарымсак — кан айлантууну жакшыртып, ар кандай инфекцияларга каршы табигый антибиотик болуп берет;

— авокадо — бул азыкта адамдын организмине пайдалуу майлар чогулган;

— жаңгак — курамында Е витамини көп. Бул тестостеронду гана көбөйтпөстөн, бел суунун сапатын жакшыртчу касиетке ээ;

— брокколи — майдан арылып, булчуң эттерди бекемдөө үчүн кармалган диеталардын бардыгында брокколи башкы ролдо.

Жаңылыктар түрмөгү
0