Искусство дешти. Францияда кадимки банан 120 миң долларга сатылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБанан сатып алып жаткан кыз. Архив
Банан сатып алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Комик" сатылгандан кийин, экинчисинде анын баасын 150 миң долларга көтөрүшкөн. Бирок экспонатка кызыккан эч ким чыккан эмес.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Францияда дүкөндөн сатып алынган кадимки банан Art Basel эл аралык көркөм жарманкесинде искусство чыгармасы катары бааланып, 120 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Маалыматка караганда, италиялык сүрөтчү Мауриццо Каттелан Майамидеги супермаркеттен кадимки бананды сатып алып, Париждеги Perrotin аттуу галереяга скотч менен чаптап койгон. Ал экспонатка "Комик" деген аталыш берип, 120 миң долларга баалаган.

"Галереянын ээси Эммануэль Перротин бананды франциялык аял сатып алганын билдирди. Ал буга чейин деле италиялык сүрөтчүнүн эмгектерин алып жүргөн экен", — деп айтылат маалыматта.

"Комик" сатылгандан кийин, экинчисинде анын баасын 150 миң долларга көтөрүшкөн. Бирок экспонатка кызыккан эч ким чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0