Укмуш! Кызынын эмчек сураганын уккан эне комадан ойгонду

© Фото / Pixabay / Myriam ZillesНоворожденный ребенок
Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жума мурда дарыгерлер күйөөсүнө комада жаткан аялынын органдарын кайрымдуулук кылып донорлукка берүүнү сунушташкан. Бирок ал жубайынын жашап кетерине ишенген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Аргентинада 42 жаштагы Мария Лаура Феррейро эки жашар кызынын эмчек сурап жаткандыгын угуп, комадан ойгонгон. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Немецкий гонщик Формулы-1 и семикратный чемпион мира Михаэль Шумахер - Sputnik Кыргызстан
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
Мария бейтааныш мотоциклчен киши кол салгандан кийин ооруканага түшүп калган. Ак халатчандар анын жашап кетерине ишенген эмес. 30 күндөн соң кызды энесинин көкүрөгүнө жаткырышканда бала бир нерселерди сүйлөп, эмчек издеген. Үн-сөзсүз жаткан аял ошол учурда үстүндөгү жабууну колу менен сыйрып салып, кызын бооруна кыскан.

Аларды карап турган күйөөсү менен эки баласы ишенип-ишене албай бир саамга карап турушкан. Андан эки апта мурда дарыгерлер аялдын мээси иштебей кала электе анын органдарын донорлукка кайрымдуулук катары берүүнү сунуштаган. Бирок күйөөсү жубайым сакайып кетет деген ишенимин жоготкон эмес.

Жергиликтүү бийлик кол салды деп шектелген кишини кармап, камаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0