Ааламдын жаңы сулуусу тандалды. Видео

© AFP / Paras GriffinФинал мисс Вселенная 2019 в Атланте
Финал мисс Вселенная 2019 в Атланте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Аалам сулуусу" таажысын кийген Зозибини Тунзи 26 жашта. Быйыл "Түштүк Африка сулуусу" наамына ээ болгон.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. "Аалам сулуусу — 2019" сынагынын жеңүүчүсү деп Түштүк Африка Республикасынан келген сулуу Зозибини Тунзи табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Аталган сынак быйыл АКШнын Атланта шаарында өттү. Ага ар кайсы өлкөлөрдөн 79 сулуу катышты.

​Финалга Зозибини Тунзиден тышкары Мексика жана Пуэрто-Рикодон келген бийкечтер чыккан.

​Зозибини Тунзи 26 жашта. Быйыл "Түштүк Африка сулуусу" наамына ээ болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Zozibini Tunzi (@zozitunzi)

Белгилей кетсек, бул жолку сынакка документтерди тууралоо жана виза көйгөйүнөн улам Россиядан эч ким катыша алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0