Сауд Аравия менен Россия нефть боюнча эксперттердин кыжырын кайнатканда

© REUTERS / Christian Hartmann / File PhotoНефть станциясы. Архив
Нефть станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венада өтчү ОПЕК+ форматында боло турган "нефть альянсынын" жолугушуусу алдында "Россияда абал начар, эми мындан да начарлайт" деген пикирди кармангандардын үмүт оту өчө элек эле дейт эксперт Иван Данилов.

Бул Перси булуңундагы мамлекеттерде, өзгөчө Сауд Аравиядагы саясий, геосаясий жана финансылык конъюктуранын өзгөрүшү менен байланыштуу.  Мындай өзгөрүү альянстын мунай рыногуна таасир этүү мүмкүнчүлүгүн бир топ алсыратмак эле.

Батыштагы айрым оппоненттер минтип ойлогонунун жүйөсүн ачык да, каймана да айтып келет. Биринчиден, батыш ЖМКлары Сауд Аравиянын Saudi Aramco деп аталган мамлекетке тиешелүү нефть компаниясы акцияларын элге алып чыккандан кийин Эр-Рияд ОПЕК+ альянсындагы кесиптештерин, анын ичинде Россия да бар, сатып жиберүүгө олуттуу стимулга ээ болду деген пикирди оңду-сол жаза башташты. Мунай казуунун көлөмүн жогорулатып, компания акцияларынын баасын кымбаттатып, анын рыноктогу капиталын жогорулатуу үчүн Сауд Авария ушундай кадамга бармак экен.

Арктический архипелаг Земля Франца-Иосифа - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Арктикадагы аскер комплекси эки себептен улам маанилүү
Экинчиден, ОПЕК+ уюмунун ичиндеги дипломатиялык жаңжал, пикир келишпестиктерге да "ишеним" зор эле. Мындай үмүт Сауд Аравиянын нефтиге жана Россия менен сүйлөшүүгө жооптуу министрдин алмашып кетиши менен байланыштуу болчу. Ал эми Батыштагы журналисттер коомчулугу Россияга өнөктөш өлкөлөрдөгү кандайдыр бир саясий өзгөрүүнү "жаңы жетекчилер эми Россия менен мамиле түзүүнүн кереги жок экенин билишээр" деген таризде кабыл алышат. Бирок иш жүзүндө таптакыр башкача болуп чыгып, Россия "дипломатиялык изоляцияда жашайт", "экономикасы кыйраган" деген көндүм ой менен жашап жүргөндөрдү капа кылууда.

Венадагы орус-араб жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу жазып жатып, The Wall Street Journal ханзаада Абдул-Азиз ибн Салман уюмга кирбеген ондой мамлекеттин өкүлдөрү менен болчу сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, россиялык кесиптеши Александр Новак менен жолукканын маалымдаган. Басылманын булактары экөө тең кайра "жылмайып" кайтканын айтып берген.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы Россия үчүн жакшы болду деп айтууга негиз бар. Альянстын нефть казуунун көлөмүн суткасына дагы 500 миң баррелге азайтуу чечими көп серепчи үчүн күтүүсүз жаңылык болсо дагы туура кадам деп кабылданды. Анткени жылдын биринчи кварталы мунайдын баасы үчүн оңтойсузураак маал деп эсептелет.

"Ал эми Россия үчүн кыскартуу 70 баррелге туура келет, башкача айтканда, квота боюнча биринчи кварталда суткасына 300 миң баррель деп бекиди", — деди Новак журналисттерге.

"Баррели 20 сомдон" деген бааны көргүсү келгендер россиялык экспорттун солгундашын көрүп канааттанган.  ОПЕК+ Россиянын кыскартчу нерсесинин ордун Американын кошулмасы бар нефть казган компаниялары толтуруп берет деген ишенимде. Алар Россия менен ОПЕКтин рыноктогу үлүшүн тартып алып, мунайдын баасын арзандатып ийишет деген пикир бар.

Церемония прощания с Жаком Шираком - Sputnik Кыргызстан
"Россия Франциянын аймагынан Европага чабуул койду". Өч алмайбы?
Анда эмнеге Американын фондулук биржасы өсүп-өнүп, рекорддон рекорд коюп жаткан маалда кошулмасы бар нефть казган компаниялар биринин артынан бири банкротко учурап, акция менен облигацияларынын баасы түшүп жатат деген суроо туулат. Бир жагынан Техаста жайгашкан дал ушул компанияларга кеп кезегин берип, сөзүн угуп коюу да ашыкча болбойт окшоп калды.

Канаданын BNN Bloomberg телеканалы "буга чейин белгисиз аймактарда иш жүргүзгөн техастык нефть казуучулар тармакты өнүктүрүүнү жайлатуунун кесепети оор болорун аналитиктердин аңдабай жатышын айтып келишет. Париждеги Эл аралык энергетикалык агенттик (ЭЭА) жана Вашингтондогу Энергетикалык маалымат башкармалыгы (ЭМБ) кийинки жылы деле мунай казуунун көлөмү мурункудай болот деп болжолдоп жатышат. Бирок реалдуулук андай эмес" деп жатат. Маалыматта ЭЭА казылган нефтинин көлөмү 900 миң баррелге чейин, ОПЕК бир миллион баррелге чейин көбөйөт деп боолголоп жатканы белгиленген. Мындай божомолдор Техастагы абал менен коошпойт. Ал эми АКШдагы казылган кошулмасы бар нефтинин жалпы көлөмүнүн жарымы дал ушул Техаска туура келет. Өндүрүшчүлөр акча жагынан кыйналып жаткан убагы, запастар түгөндү, акция менен облигацияларга талап жок. Басылма мунун баары кыйроонун узагыраак созулушун шарттамакчы дейт.

Жыйынтыктасак. Келерки жылы Сауд Аравия менен Россиянын энергетика министрлери бир нече ирет жагымдуу маанайда жолугушары толук ыктымал болуп калды. Ал эми бул жолугушуулар орус-араб мамилелерине каршы чыккандардын маанайынын чөгүшүнө дагы бир негиз жаратат окшойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0