Бала эмизип жаткан аялдар. Архив

Мына кайрымдуулук! АКШлык келин эмчек сүтүн муктаж болгондорго таратууда

416
Мындай кайрымдуулук менен убагында келиндин апасы дагы алектенген. Кийин ага жаңы жыл сайын ошол сүт менен чоңойгон балдардан ыраазычылык иретинде белек-бечкектер келип турган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШнын Вирджиния штатынын 36 жаштагы тургуну, эки кыздын энеси Жина Митчелл бир нече жылдан бери өзүнүн эмчек сүтүн муктаж болгондорго бекер таратып келет. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Өзүнүн айтымында, мындай кайрымдуулукту жаш кезинде анын апасы дагы кылып жүрчү.

"Апамдын сүтү жакшы экен. Менден ашканын саап туруп, муктаж болгондорго таратып койчу экен. Кийин жаңы жыл сайын ошол сүткө чоңойгон балдардан ыраазычылык иретинде белек-бечкектер келип турчу. Ал кезде көңүл бурчу эмесмин. Бирок сүттүн маани-маңызын өзүм эне болгондон кийин сездим", — дейт аял.

​Ал эми өзү кыздуу болгондо наристеси такыр эле эмчек эмүүдөн баш тартып койгон. Көнүп кетер деген үмүт менен бир нече ай бою кыйнап эмчек берип, саалган сүтүн тоңдургучка сактап койчу экен.

Күндөрдүн биринде сүт 20 литрден ашып, коёрго жер жок калганда, тамаша-чынга аралаштырып социалдык тармактарга сүт тарата турганын айтып пост жазып койгон. Бир канча саат өтүп-өтпөй эле ага ай-күнүнө жетпей төрөлгөн баланы багып алган аял кайрылган.

Бир нече ай мурда Жина экинчи баласын төрөдү.

"Балам төрөлөр-төрөлгүчө чыдамсыздык менен күткөндөр болду. Өзүмдүн чүрпөмдөн артканын азыр дагы таратып жатам. Эне сүтүнө зар болгон балдар абдан көп экен. Мен аларга жардам бере алганым үчүн бактылуумун", — дейт келин.

Азыр ал өз баласы эмчектен чыкса дагы сүт өзү тартылып кеткиче муктаж болгондорго берип турам деген ойдо жүрөт.

416
Белгилер:
аял, кайрымдуулук, эне, АКШ
Тема боюнча
Укмуш! Кызынын эмчек сураганын уккан эне комадан ойгонду

Жалындан суурулуп чыкты! Ажалы жок спортчунун видеосу

38
(жаңыланган 13:43 30.11.2020)
Катуу ылдамдык менен жарышка түшкөн атайын автоунаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан соң дароо өрттөнө баштаган. Анын ичиндеги айдоочу кандайдыр бир керемет менен аман калган.

Окуя Бахрейнде "Формула-1" жарышынын этабы өтүп жаткан учурда болгон. Рулда Ромен Грожан аттуу адам кетип бара жатканы айтылды. Кадрдан анын автоунааны башкара албай калып биринчи автокөлүктү жөөлөп өткөнүн, катуу күү менен тосмого келип урунуп, жалбырттап өрттөнө баштагандыгын көрүүгө болот.

​Окуя болору менен коопсуздук кызматкерлери жана медиктер жетип келип, өрттү өчүрө баштаган. Ал эми спортчу алоолонгон жалындын ичинен көз ирмемде суурулуп чыгып, жерде тургандар аны жөлөп-таяп ары алып кетишкен. Маалыматта Грожандын колу жана таманы анча көп эмес күйүк алганы айтылган.

38
Белгилер:
кырсык, жалыныч, жарыш, Формула-1, Бахрейн
Тема боюнча
Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады
Колуна кишен тагылган киши. Архивдик сүрөт

Стамбулда органын сатууга шектелген кыргызстандыктар кармалганы айтылууда

111
(жаңыланган 11:48 30.11.2020)
Иликтөө иштери органдарга муктаж болгондордун тууганымын деген чет элдиктердин шектүү көрсөтмөлөрүнөн кийин башталган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында кишинин органдарын мыйзамсыз сатууга шектелип 18 чет элдик адам кармалгандыгын "Анадолу" агенттиги жазды.

Иликтөө иштери органдарга муктаж болгон бейтаптын тууганымын деген чет элдиктердин шектүү көрсөтмөлөрүнөн кийин башталган.

"Текшере келгенде органын сатам дегендердин пациенттерге эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды. Кармалган 18 адамдын арасында Нигерия, Уганда, Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар", — деп жазды агенттик.

Кармалгандардын канчасы Кыргызстандын атуулу экени такталып жатканы маалымдалды.

Сурактан кийин сегиз киши эркиндикке чыккан. 10 адам сот алдына бара турган болгон. Анын ичинен бешөө камакка алынып, калган бешөө өлкөдөн сыртка чыкпайм деген тил кат менен кое берилген.

111
Белгилер:
бейтап, сатуу, адам органдары, Кыргызстан, Түркия
Тема боюнча
Органга уурдалды делген 16 жаштагы кыргызстандык кыз табылды
Өрт өчүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив

Бишкекте эртең менен чыккан өрт өчүрүлдү

19
(жаңыланган 13:53 30.11.2020)
Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчү эки бригада күрөшкөн. ӨКМ жаракат алган адамдар болбогондугун кабарлады.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында турак жайдан чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн эртең менен саат 8:30дар чамасында Горький көчөсүндөгү үй күйгөн. Маалымат түшөрү менен эки бригада биринин артынан бири чыгып жөнөп кеткен.

Жалын толугу менен саат 10:16да өчүрүлгөн. ӨКМ жаракат алган адамдар болбогондугун айтты.

19
Белгилер:
өрт, турак үй, ӨКМ, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин Горький көчөсүндө үй өрттөнүп жатат
Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү