Эжесин өлтүрүүгө шектелген уландын сот залынан качып кетүүгө аракети. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСоттогу шектүү. Архивдик сүрөт
Соттогу шектүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Он сегиз жаштагы Грейсер декабрдын башында "жаман күчтөрдү кууйм" деген ишеними менен 21 жаштагы эжесин өлтүрдү деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Эжесин өлтүрүүгө шектелген москвалык Леонид Грейсер сот залындагы кылмышкер камалчу айнек жайдан полициянын көзүнчө эле качып кетүүгө аракет кылган.

Видеону Life жарыялады. 

Москва шаарынын Щербинск сотунун залынан айыпталуучу качууга кылган аракети менен тартип сакчыларын бир топ тердетти. Айнек жайдын ичинде отурган Грейсер шыпка жармашып, анда чапталган панелди чыгарып жиберип, ошондон ары из жашырып кетүүгө аракет кылган. Мындай кылыгын сот приставдары алгач байкаган эмес, качан гана белинен өйдө көрүнбөй калганда дүрбөлөңгө түшүп калышкан. Бир кызматкер айнектин кырын бекиткен жыгачка чыга калып, дароо буттан алган. Дагы бирөө экинчи бутуна жармашкан. Видеодон шектүүнүн шымы шыпырылып кетип, экинчи бутун да шыпка чыгарып кеткенин көрүүгө болот.

Акыры алышып отуруп Грейсерди айнек жайга кайтарып, колуна кишен салып тынчышкан.

Маалыматта ал 9-декабрда "жаман күчтөрдү кууйм" деген ишеними менен 21 жаштагы эжесин өлтүргөнү айтылууда. Анын үйүнөн баңгизаттар табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0