Вашингтон перед инаугурацией Д.Трампа

Акыл-эс кайда? АКШ сенаты РФти "террорчулукка демөөрчү" болгон өлкөлөргө кошту

(жаңыланган 18:16 12.12.2019)
АКШ сенаты Мамлекеттик департаментти Россияны "террорчулардын демөөрчүсү" деген тизмеге кошууга чакырды. Сенаторлор эмне үчүн дал ушул маалда мындай өтүнүч менен кайрылганына эксперт Владимир Оленченко Sputnik радиосунун эфиринде түшүндүрмө берди.

Американын сенаторлору Россияны "террорчулуктун демөөрчүсү" деп эсептешет. Бул тууралуу АКШ сенатынын эл аралык комитети тарабынан колдоо тапкан мыйзам долбоорунда айтылат. Мындай аталыштын расмий кабылданышы тууралуу чечимди мамлекеттик катчы кабыл алышы керек. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.

Документке ылайык, Мамдепартаменттин жетекчиси мыйзам күчүнө киргенден кийин 90 күндүн аралыгында конгресстин тийиштүү комитеттерине корутунду бериши керек. Ошол эле убакта Россия көзөмөлдөгөн куралдуу түзүлүштөр Донбасста барбы жана өзүн-өзү атап алган ЛНР жана ДНР кыймылдары "чет элдик террордук уюмдар" деген аныктамага туура келеби деген суроолорго жооп таап, тактап алышы зарыл.

Учурда Мамлекеттик департамент түзгөн "террорчулук демөөрчүсү" тизмесинде Иран, Түндүк Корея, Сирия жана Судан бар.

Өткөн жумада АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Дэвид Хэйл Мамдепартамент Россияны террорчулуктун демөөрчүсү деп эсептебей турганын белгилеген. Анын айтымында, Россия өзү террордук чабуулдун курмандыгы.

РФ илимдер академиясынын ИМЭМО европалык изилдөөлөр борборунун улук илимий кызматкери Владимир Оленченко бул маселенин ушул маалда көтөрүлүшү бекеринен эмес деген пикирде.

"Сыягы, акыл-эс потенциалынын түгөнүшү менен демократтар жана республикачылардын ортосундагы тирешүү күтүүсүз нерселерге алып келүүдө окшойт. АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу да түйшөлтүп жаткандай, себеби бул сүйлөшүү жайбаракат өтүп, ашып өтө алгыс тоскоолдуктар жок экенин көрсөттү. Албетте, бул Трамптын каршылаштарынын тынчын ала турган жагдай. Анын үстүнө АКШда келерки жылы президенттик шайлоо өтөт. Мындан улам террорчулукту колдойт деп Россияны жаманатты кыла коюу ыңгайлуу болуш керек. Башкача айтканда, акыл-эстүүлүк менен ой жүгүртүү азыркы америкалык саясатка жат көрүнүш боло түштү окшойт", — деди Оленченко.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавровдун жолугушуусу 10-декабрда жабык эшик артында өтүп, Америкада ар кыл пикирлерди жараткан.

Белгилер:
террорчулук, мамиле, Россия, АКШ, Сергей Лавров, Дональд Трамп
Тема боюнча
"Норманд саммити" соңуна чыкты. Зеленскийдин кийинки кадамы кандай болот
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Байдендин чакыруусун кабыл алды. Путин климат боюнча саммитке катышат

(жаңыланган 21:05 19.04.2021)
Буга чейин АКШ президенти аталган саммитке катышууга 40 мамлекеттин башчысын чакырган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин климат маселеси боюнча саммитке катышат. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.

Талкуу 22-23-апрель күндөрү онлайн-форматта өтөт.

"Саммитте Путин Россиянын климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн кесепетин жоюуга багытталган кадамдары тууралуу кеп кылат", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин АКШ президенти аталган саммитке катышууга 40 мамлекеттин башчысын чакырган. Анын ичинде Путин да бар эле.

Америка бийлиги апрелде өтчү талкуу айлана-чөйрөгө чыгарылып жаткан зыяндуу калдыктарды азайтуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө арналарын айткан.

Белгилер:
климат, чакыруу, саммит, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путинге Байден менен жолугуунун эмне зарылчылыгы бар

UFC Шевченко менен Андраденин беттешине карата проморолик жарыялады

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Валентина Шевченко менен бразилиялык Жессика Андраденин беттешинин промо видеосун чыгарды.

Кыргызстандык чемпион кыздын беттешин утурлаган ролик UFC уюмунун расмий YouTube-каналына жарыяланды.

Видео UFC уюмунун комментаторлору бир учурда эки дивизиондун чемпиондугун ээлеген Аманда Нуньеске тең келе турган мушкер айым ким болорун талкуулап жаткан жерден башталат. Алардын пикиринде, Нуньеске Шевченко гана чакырык таштай ала турган жалгыз талапкер.

"Ким чакырык таштай алат деп ойлойсуң! Сен анын ким экенин билесиң! Валентина Шевченко", — деген алып баруучулардын бири.

Видеодо ошондой эле алдыдагы мелдештин башкы беттештерине чыгуучу мушкерлердин даярдыктары, алардын мурдагы таймаштарындагы мыкты нокауттары, жыга чапкан соккулары көрсөтүлөт.

"Жеңил салмактын ханышасы эң жеңил салмак категориясынын мурдагы чемпиону Жессика Андраде менен кез келет", — деп айтылат видеодо.

Роликте байкалгандай, Шевченконун машыгуусу Невада штатында Боулдер Сити шаарында өткөн. Бул болжол менен Лас-Вегастын түштүк-чыгыш тарабынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилле шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Мушкерлер кечесине COVID-19 пандемиясы башталгандан бери алгачкы ирет көрүүчүлөр киргизилет. Алардын саны чектелбейт. Март айынын соңунда UFC башчысы 15 миң көрүүчү катышчу спорттук иш-чаранын билеттери бир нече мүнөттөрдө эле сатылып кеткенин айткан.

Белгилер:
видео, Жессика Андраде, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу