Атактуу футболчу, Ювентус клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду

Жаны кашайып, ойт берген Роналду. Күйөрмандын олдоксон селфисинин видеосу

1395
(жаңыланган 09:54 13.12.2019)
Чочуп кеткен Роналду ойт берип, тигинин колунан чыгып, стюарддар күйөрманды алып кеткенден кийин дагы колун булгалап, көпкө чейин сүйлөнүп, наалып калган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Атактуу футболчу, "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жакын келе калып, селфи жасайм деген фанатына жини келгенин жашырган жок. Бул жагдайды көрсөткөн видео BR Football аккаунтунун Instagram баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bleacher Report Football (@brfootball)

Окуя чемпиондор лигасынын матчынан кийин "Ювентус" оюн талаасында "Байер" командасы менен беттешип жаткан учурда болгон.

Португалиялык футболчунун күйөрманы талаага чуркап чыга калып, Роналдунун мойнунан бекем кучактап, селфи кылууга аракеттенген. Чочуп кеткен футболчу ойт берип, тигинин колунан кутулуп чыгып, стюарддар күйөрманды алып кеткенден кийин дагы көпкө чейин сүйлөнүп, наалып калган.

"Ювентустун" беттеши 2:0 менен аяктап, Роналду адаттагысындай эле башкалардан айырмаланып, мыкты ойногон.

1395
Белгилер:
Криштиану Роналду, футбол, күйөрман, селфи
Тема боюнча
Аялын өөп келгиче кырдаал өзгөрүп... Футболчунун шаабайы сууган видео
Криштиану Роналду оюндан четтетилгенден кийин ыйлап жиберди. Видео
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга барды

139
(жаңыланган 14:26 22.10.2020)
Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу

139
Белгилер:
Сергей Лавров, жолугушуу, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Рим папасы Франциск. Архив

Рим папасы Франциск бир жыныстуу никени мыйзамдаштырып берүүгө чакырууда

92
(жаңыланган 12:39 22.10.2020)
Дин өкүлүнүн айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Демек, бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Андыктан бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу зарыл.

"Бул үчүн бир дагы адам коомдон куулуп же бактысыз болбошу керек. Биз бул дүйнөгө душмандашуу үчүн эмес, үй-бүлөлүү болуу үчүн келгенбиз", — деди Рим папасы.

Эске салсак, ал башынан эле бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун колдоп келет.

92
Белгилер:
мыйзам, нике, үй-бүлө, Рим папасы Франциск
Тема боюнча
Рим папасы төшөк кумары тууралуу оюн билдирип, аны башкача баалады
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев. Архив

Кадр кызматынын башчылыгына мурдагы вице-премьер барды

38
(жаңыланган 17:07 22.10.2020)
Маматалиев президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, бир нече күн Кадр кызматын жетектеген Досалы Эсеналиевдин ордуна келди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кадр кызматын мурдагы вице-премьер Абдырахман Маматалиев жетектей турганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Маматалиев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана күч блогун жөндөгөн вице-премьер болуп иштеген. Учурда анын уулу Марлен Маматалиев ЖКнын VI чакырылышынын депутаты.

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси болуп Досалы Эсеналиев бир нече күн иштеген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында аны аталган ведомствонун жетекчилигине дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Буга чейин Эсеналиев президенттик аппаратты жетектеп келген.

38
Белгилер:
Абдырахман Маматалиев, Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды