2019-жылдын эң таасирдүү айымы аталды. Рейтинг

© AFP / TOBIAS SCHWARZВстреча канцлера Германии Ангела Меркель с членами команды немецкой сборной по гандболу в Берлине.
Встреча канцлера Германии Ангела Меркель с членами команды немецкой сборной по гандболу в Берлине. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыңкы төрт сапты саясатта жүргөн аялдар ээлеген. Ал эми тизменин лидери биринчиликти тогуз жылдан бери эч кимге бербей келет.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Forbes Германия канцлери Ангела Меркелди 2019-жылдын эң таасирдүү айымы атады. Рейтинг басылманын сайтына жарыяланды.

Прибытие Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты
Меркель саясаттан кетери тууралуу айтканына карабай тогузунчу жыл катары менен тизменин сап башында. Саясатчы айым кызматын 2021-жылы тапшырып берет.

Рейтингде экинчи орунду Европанын борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард, үчүнчүнү АКШ конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси ээлеген. Төртүнчү сапта Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен турат.

Басылманын маалыматында быйыл Тереза Мэй Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматынан кеткендигине байланыштуу рейтингдеги орду да бир топ төмөндөп кеткени айтылат.

Ал эми акыркы орунду экоактивист кыз Трета Тунберг ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0