Анастасия Заворотнюк шал болуп калдыбы? Жакындарынын билдирүүсү

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүОткрытие ГУМ-катка
Открытие ГУМ-катка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун мээ рагына кабылганы тууралуу август айында билинген. Кийинчерээк дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Россиялык актриса Анастасия Заворотнюктун жакындары ЖМКларга анын шал болуп калгандыгы тууралуу тарап кеткен маалыматтарды төгүндөдү. Бул тууралуу пост Instagram тармагында "Заворотнюкту колдоо" баракчасына чыкты. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Поддержка Анастасии Заворотнюк (@podderzhka_azavorotnyuk)

Буга чейин жергиликтүү сайттарга "башындагы шишиктин айынан актриса шал болуп калды" деген мааниде жаңылыктар жарыяланган.

Заворотнюктун жакындары жаңы жыл алдында ар бир адам жакшылыкка үмүт кылып турган кезде ушунчалык негативдин пайда болгонуна нааразы болушту.

"Азыр көпчүлүк негативден качып, жылуулук издеп турган кез. Бирок болбой эле жамандык болуп турушун каалагандар дагы бар экен. Бекеринен эл ичинде "өзүң кабылгың келбеген нерсени бирөөгө дагы каалаба" деген сөз айтылбаса керек. Ал эми биз Анастасияга жылуу сөзүн айтып, колдоо көрсөтүп келе жаткандарга ыраазычылык билдиребиз. Бар болгула!" — деп жазылган постто.

Премьера фильма Великий Гэтсби - Sputnik Кыргызстан
Россиялык продюсер Заворотнюктун учурдагы абалы тууралуу айтып берди
Ошондой эле актрисанын өкүлү анын жеке жашоосунун кол тийбестигин эске алып, азырынча эч кандай маалымат бербей турганын айтты.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун мээ рагына кабылганы тууралуу август айында билинген. Кийинчерээк дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Ноябрь айында үй-бүлөнүн жакыны, "Ласковый май" тобунун продюсери Андрей Разин Заворотнюктун абалы жакшыра баштаганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0