YouTube мазактаган жана коркуткан видеолорду өчүрөт

© REUTERS / DADO RUVICYouTube сайтынын логотиби. Архив
YouTube сайтынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-президент Халприн кимдир бирөөнү расасына, сексуалдык ориентациясына карап мазактаган видеолордун жарыялануусуна жол берилбей турганын айтты.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. YouTube видеохостинги башкаларды мазактаган жана коркуткан видеолорго карата талапты катуулатат. Бул тууралуу компаниянын вице-президенти Мэтт Халприн расмий билдирди.

Эми түзмө-түз же кыйыр түрдө коркунуч чакырыктар камтылган видеолор өчүрүлөт. Андан сырткары, башка бирөөгө кордук көрсөтүүгө үндөгөн роликтер дагы жок кылынат.

Телефондогу Facebook, Instagram, Twitter жана Google тиркемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоочулар Google, Facebook үчүн согуш жарыялады. Россия үчүн бул жакшы
Вице-президент ошондой эле кимдир бирөөнү расасына, сексуалдык ориентациясына карата билип туруп мазактаган видеолордун жарыялануусуна жол берилбей турганын айтты.

Мындай видеолорду жүктөгөндөргө алгач эскертүү берилип, дагы кайталана турган болсо канал толугу менен өчүрүлөт.

Эми компания видеолордун алдындагы комментарий бөлүмү да тыкыр көзөмөлгө алынарын эскертет. Видеону жарыялагандар өздөрүнүн каалоосуна жараша комментарий жазууга тыюу сала алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0