Колунда мандем барбы? Мелания Трамптын көйнөгү шылдыңга кабылды

© REUTERS / YURI GRIPASАКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын Конгресстин салтанаттуу кечесинде
АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын Конгресстин салтанаттуу кечесинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген. Анын үстүнөн колун жапкан ак, узун жамынчы жаап алган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын Конгресстин салтанаттуу кечесине кийип келген көйнөгүн мода сынчылары сынга алышканын Express басылмасы жазып чыкты.

© REUTERS / YURI GRIPASАк үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген
Колунда мандем барбы? Мелания Трамптын көйнөгү шылдыңга кабылды - Sputnik Кыргызстан
Ак үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген

Маалыматка ылайык, Ак үйдө Конгресстин салтанаттуу кечесине Мелания Трамп Reem Acra брендинин ак көйнөгүн кийип келген. Анын үстүнөн колун жапкан ак, узун жамынчы жаап алган. Анысы кристалл таштар менен кооздолгон.

Меланиянын образын дал ушул жамынма бузуп койгон. Мындай ойлорун мода сынчылары Twitter баракчасына жазышты.

"Салтанаттуу кечеге Мелания эмнеге халат кийип алган?!", "Эмне, ак халат кийсе эле периштеге окшошуп калам деп ойлогонбу?", "Ал жөн гана жарашыктуу пальто кийип алса болмок да, же колунда мандем барбы?" — деп жазышкан колдонуучулар.

Соцтармак колдонуучулары АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын кийимин биринчи жолу шылдыңга алып жаткан жок. Буга чейин ал БУУнун жыйынына кийип барган ачык күлгүн көйнөгү менен да көпчүлүктүн сынына кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0