Тамак күткөн киши. Архивдик сүрөт

Кыска убакытка ачка жүрүүнүн пайдасы айтылды

787
Адистин айтымында, медицинада ачка жүрүүнүн бир нече түрү бар. Алардын бири "12/12" схемасы, башкача айтканда, эртең мененки саат 7:00дө тамактанган киши кечинде 19:00дө азыктанат.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 12 сааттан 36 саатка чейин ачка жүрүү ден соолукка пайдасын тийгизет. Бул туурасында "Известия" дарыгер Валерий Сергеевге таянуу менен жазды.

Адис белгилегендей, адам ачка учурунда организм эски жана кызмат аткарбай калган клеткаларды кайрадан иштетип, глюкозага айландырат. Ал эми глюкоза энергия иштеп чыгарат.

Мындан тышкары, организм энергияны май кислоталарынан алып баштагандыктан, салмак азаят. Бул жүрөк-кан тамыр системасы менен кыймылды жакшыртат.

"Кыска мөөнөттүү ачкачылык учурунда иммундук система инфекция жана вирустар менен активдүү күрөшүп баштайт. Ошол себептен тамактан аз убакытка баш тартып тургандар оорудан оолагыраак болот", — деген Сергеев.

Анын айтымында, медицинада ачкарын жүрүүнүн бир нече түрү бар. Алардын бири "12/12" схемасы же башкача айтканда, эртең мененки саат 7:00дө тамактанган киши кечинде 19:00дө азыктанат.

787
Белгилер:
ден соолук, ачкачылык, тамак
Тема боюнча
Дарыгер балдарга тамак берүүдөгү ата-эненин негизги катасын атады
Ата-эне акча чогултпай калабы? Окуучуларга ысык тамак берүү мыйзамынын жол-жобосу
Семирбеш үчүн кеңседе иштегендер кандай тамактанышы керектиги айтылды
Сойку кардары менен. Архив

Түркияда кыргызстандык аялдарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлагандар кармалды

35
(жаңыланган 13:30 19.01.2021)
Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.

Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.

Аларды кармоо үчүн атайын операция бир эле учурда шаардын ар кайсы райондорунда жүргүзүлгөн. Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан. Жалпы жонунан сегиз чет элдик аял куткарылган. Аларды интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлап күч колдонулганы белгиленди.

Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.

35
Белгилер:
кылмыш, кызмат, интим, Түркия
Тема боюнча
АКШнын эң кымбат сойкусу ишсиз калганын айтып бийликти сотко берди
Жолдо турган жүк ташыган унаалар. Архивдик сүрөт

Жүк ташыган унааларга навигациялык пломба коюу долбоорунун мөөнөтү узарды

23
(жаңыланган 12:56 19.01.2021)
Жүк ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Навигацияны колдонгон айдоочуларды жолдо кошумча текшерүүгө жол берилбейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

23
Белгилер:
долбоор, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө
Товарды көзөмөлдөөнүн жаңы түрү. ЕЭК кеңеши кабыл алган чечим
КМК Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумаканов. Архив

УКМК Ветинспекциянын мурдагы башчысы Жумакановду экинчи ирет кармады

0
(жаңыланган 14:00 19.01.2021)
Мекеме башчысы Калысбек Жумаканов УКМК тарабынан былтыр октябрда кармалган. Бирок ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болчу.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. УКМК Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумакановду кайрадан кармап, тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Алгачкы жолу Жумаканов УКМК тарабынан былтыр октябрда кармалган. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон. Мамлекетке болсо 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган. Бирок Жумаканов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамлекеттик инспекцияда биопрепараттарды жана вакциналарды жогорулатылган баада сатып алууда дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Ошондой эле кызматкерлерден акча талап кылуу фактыларынын бети ачылды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумаканов жетекчи болуп турганда 2017-жылдан 2020-жылга чейин 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алуу боюнча пайдасыз келишимдер түзүлгөн.

Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынактан өтпөгөн кишилерди жумушка алган. Ошондой эле кызматкерлер сый акы алганда опузалап акча талап кылып турушканы аныкталган.

Тергөө уланууда.

0
Белгилер:
Калысбек Жумаканов, кармоо, УКМК, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Сот Кылыч Саркарбаев үй камагына чыгарылганын тастыктады
Күч органдары абактагылар мыйзамсыз жүгүрткөн 1 млн. сомго чукул акчаны таап алды