Басманный райондук соту Москва облусунун мурдагы финансы министри Алексей Кузнецов. Архивдик сүрөт

Москвада мурдагы финансы министринин 14 млрд. рубль уурдаганы аныкталды

233
(жаңыланган 10:13 17.12.2019)
Экс-чиновникке алдамчылык, өкмөткө тиешелүү мүлктү жок кылуу, акча адалдоо беренелери боюнча айып тагылууда.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Басманный райондук соту Москва облусунун мурдагы финансы министри Алексей Кузнецов 14 миллиард рубль уурдаганын аныктады. Бул туурасында РИА Новости агенттиги жазды.

Сот экс-министрди 14 жылга эркинен ажыратып, кымырып алган каражаттын баарын мамлекетке кайтарууга милдеттендирген. Ошондой эле мамлекеттик кызматта үч жылга чейин иштөөгө тыюу салган.

Мындан сырткары, Кузнецовго таандык тогуз жер тилкеси, турак жайы, курулуш объектиси, Mercedes-benz үлгүсүндөгү автоунаасы жана банктагы 291 миң рубль акчасы камакка алынган.

Соттолгон министрдин коррупциялык схемасынын айынан "Москва облустук инвестициялык жана трасттык компаниясы" ачык акционердик коомуна 7,2 миллиард, облустун өкмөтүнө 3,4 миллиард рубль жана муниципалдык мекемелер зыянга учураган. Кертилип кеткен каражаттын жалпы суммасы 14 миллиард рублди түзгөн.

Экс-чиновник 2005-2008-жылдары кылмыштуу топ менен биргеликте иш жасаган. Ага кылмыш иши козголгондон кийин чет өлкөгө качып кеткен. 2013-жылы Франциядан кармалып, былтыр январь айында Россияга экстрадицияланган. Ал алдамчылык, мүлктү жок кылуу, акча адалдоо беренелери боюнча айыпталган.

Алексей Кузнецов 2000-2008-жылдары Москва облустук өкмөтүндө финансы министри болуп иштеген.

233
Белгилер:
Финансы министрлиги, министр, финансы, айып, Москва, сот
Тема боюнча
Тендерди утасың деп 3 млн. сом алды делген сот департаментинин өкүлү кармалды
Бишкекте жол кырсыктарын тергеген жетекчи пара алып кармалды