Компьютерде иштеп аткан кыздар. Архивдик сүрөт

Жылдын эң оңой, такыр эле ишенимсиз деген паролдору аталды

418
Жөнөкөй ачкыч сөз коюп алуу — адамдардын эринчээктиги менен байланышкан, себеби узунураак сөздөрдү жазганды жана эстеп калганды жактырышпайт.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 2019-жылы интернет жана компьютер колдонуучулар пайдаланган өтө эле жөнөкөй, ачып алууга оңой сыр сөздөр белгилүү болду. Бул маалымат NordPass компаниясынын сайтында жазылып турат.

Адистер 500 миллион адамдын тармакка тарап кеткен маалыматтарын топтоп, алардын эң оңой дегендерин алып чыккан.

Эң эле көп таралган сыр сөздүн кишини аргасыздан жылмайтары айтылган, алар сандардан турган (12345,111111,123321) жана клавиатуранын тигинен же туурасынан карагандагы (asdfghjkl, qazwsx, 1qaz2wsx) ариптери болгон.

Эксперттердин айтымында, аялдардын көп тараган ысымдарын коюп алуу да почтаңдагы, компьютериңдеги башкалар окубаш керек болгон маалыматтарды "ме" деп кармата берүү менен барабар.

Кызыгы, 800 миңден ашуун адам "password" сөзүн пайдаланат экен. Бул да ишенимсиз пароль. Мындан сырткары, "iloveyou", "test", "princess", "sunshine", "monkey", "family", "football" деген "шедеврлер" кездешкен.

Адистердин айтымына караганда, мындай кадам адамдардын эринчээктиги менен байланышкан, себеби узунураак сөздөрдү жазганды жана эстеп калганды жактырышпайт.

418
Белгилер:
ысым, сөз, сыр
Тема боюнча
5 млн. доллар! АКШ россиялык хакер боюнча маалыматка ири суммадагы акча сайды
Twitter негиздөөчүсү өзү хакерлердин чабуулуна кабылып, аккаунту талкаланды
Жолочубеков: ар бир ата-эне баласын телефон аркылуу көзөмөлдөсө болот
Буудай. Архивдик сүрөт

Кытайда айыл чарба азыктарына болгон талап өсөрү айтылды

104
(жаңыланган 15:44 26.10.2020)
Кытай компаниясынын өкүлү айыл чарба азыктарынын рыногу активдүүлүгүн көрсөтүп, азыктарды импорттоого болгон талап өскөнүн белгилейт.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кытайда айыл чарба азыктарына талап өсөрүн кытайлык СOFCO International компаниясынын директорлор кеңешинин башчысынын орун басары Сун Сюаньи билдирди.

Ал Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында ЕАЭБ менен Кытай демилгесинин өз ара кызматташтыгына арналган "Бир алкак — бир жол" деп аталган видеофорумда сөз сүйлөдү. Сун Сюаньи айым пандемия дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизгенин эске салды.

Кризис учурунда ЕАЭБден кайсы товарлардын экспорту өскөнү айтылды

"Бул көйгөйлөргө карабастан айыл чарба азыктарынын рыногу активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бул азыктарды импорттоого талап өсөт. Бул Кытайдын жана дүйнөлүк рыноктун тенденциясы. 2019-жылы биздин компания ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жалпы суммасы 110 миллион доллар болгон 322 тонна буудай, май, суу жана башка азыктарды сатып алган", — деп белгиледи Сюаньи.

Ал кошумчалагандай, компания өз ишинде бир катар принциптерди карманып, анын ичинде биргелешкен пайдага жетүүгө кызыкдар болуп келет.

104
Белгилер:
талап, импорт, азык, айыл чарба, Кытай, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Министрлер ЕАЭБ менен Кытай кызматташтыгын талкуулайт
ЕАЭБде жүк ташуучу унааларга навигациялык мөөр коюлат. Түшүндүрмө
Жүк ташуучу унаалар. Архив

ЕАЭБде жүк ташуучу унааларга навигациялык мөөр коюлат. Түшүндүрмө

102
(жаңыланган 15:18 26.10.2020)
Навигациялык мөөр — жүк ташуучу унааларга коюлчу электрондук каражат. Анын жардамы менен товар кайсы жакта экенин гана билбестен, жүк тууралуу бардык маалыматты алууга болот.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык бирикмесинде (ЕАЭБ) товарларга навигациалык мөөр коюу боюнча келишим даярдалып жатат. Бул тууралуу Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Давыдов билдирди.

Ал "Евразия экономикалык бирикмеси менен "Бир алкак — бир жол" долбоорунун байланышы" видеофорумунда сүйлөдү.

"ЕАЭБде товарларга навигациалык мөөр коюу боюнча келишим даярдалып жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Жүккө атайын электрондук каражат тагылат. Анын жардамы менен товар кайсы жакта экенин гана билбестен, жүк тууралуу бардык маалыматты алууга болот. Бул текшерип жаткан учурда товар менен адамдын байланышын азайтат", — деди Давыдов.

Анын айтымында, навигациалык мөөрлөр Россияда колдонула баштады.

102
Белгилер:
келишим, бажы, мөөр, Евразиялык экономикалык биримдик, Россия
Тема боюнча
Министрлер ЕАЭБ менен Кытай кызматташтыгын талкуулайт
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив

Жанар Акаев Бишкек мэри болот деген маалыматты өзү төгүндөдү

55
(жаңыланган 22:03 26.10.2020)
Жанар Акаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Бишкек мэрлиги тууралуу эч ким менен эч качан сүйлөшүү болбогонун жазды.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкек мэри болот деген маалымат чындыкка төп келбей турганын айтты.

Буга чейин бир катар ЖМКларда ал шаар жетекчилигине талапкерлигин коюп жаткандыгы тууралуу маалымат  тараган.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Бишкек мэрлиги тууралуу эч ким менен эч качан сүйлөшүү болбогонун жазды.

“Андай планым да жок. Садыр Жапаров менен жолугушканым чын, бирок биз өлкөдөгү кырдаал, кризистен чыгуу жолдору тууралуу маселелерди сүйлөшкөнбүз”, — деди Акаев.

Эске салсак, Бишкек мэри Азиз Суракматов иштен кеткенден бери Бишкек мэрлиги талашка түшүп келет. Бүгүн мэрия мэрдин милдетин аткаруучу катары мыйзамдуу түрдө биринчи вице-мэр Нариман Түлеевди гана тааный турганын айтты.

55
Белгилер:
Жанар Акаев, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео