"Искандерге" жооп. АКШнын жаңы ракеталары дүйнөгө эмнеси менен кооптуу?

© AP Photo / Ford WilliamsРакетный удар США по аэродрому в Сирии
Ракетный удар США по аэродрому в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча континенттер аралык делип жаңы баллистикалык ракетанын үлгүсү Калифорниянын Ванденберг авиабазасында бейөзөктүк аткарууда сыналды. Николай Протопоповдун мындай аракеттин кооптуулугу тууралуу баяндаганын РИА Новости жазды.

Авиабазанын өкүлү РИА Новости агенттигине бул бир топ ай мурун эле тыюу салынып турган, орто ыраактыктагы курал экенин ачык эле билдирди.

Орто жана кыска ыраактыктагы ракеталарды жок кылуу келишиминин күчү анын талаптарын бузду деп Россияны айыптаган АКШнын демилгеси менен быйыл 2-августта жокко чыгарылган. Ал эми келишимге катыштыгын Вашингтон 2019-жылдын мартында эле убактылуу токтоткон. Америкалыктар ошондо кургакка ылайыкталган жаңы ракетаны долбоорлоону тезинен баштай турганын жарыялаган. Алардын айтымында, бир нече жылдан кийин даяр болмок.

Министр обороны США Марк Эспер - Sputnik Кыргызстан
"Эки жүздүү саясат". Эксперт АКШнын сынаган ракеталары тууралуу
Бирок алгачкы учуучу үлгү жылдап эмес, бир нече ай өтпөй эле пайда болду. Бул баш катырбай койбойт. Албетте, америкалык конструкторлор ишке болгон күчүн салып, бүт дитин койгондур, бирок мынчалык кыска убакытта жаңы типтеги куралдын сынамык үлгүсүн башынан жасап, курап жана сынап ийүү дегеле мүмкүн эмес. Пентагондун каржы жагы чексиз экенин, Россиядан озуп өтүү тилегин эске алганда деле андай ишти тездик менен бүткөрүп болбойт.

Саясатчылар менен серепчилердин баамында, америкалыктар келишим менен тыюу салынган ракеталарды иштеп чыгууга анын курамынан чыга электе эле киришкен өңдөнөт. Ракета сыналгандан көп өтпөй Кытай Тышкы иштер министрлиги Пентагондун башчысы Марк Эспердин түшүндүрмөсүн "оркойгон оюн" деп баалады.

"Быйыл 2-августта, АКШ Орто жана кыска ыраактыктагы ракеталарды жок кылуу Келишиминен чыкканын жарыялаганда Пентагон жер үстүндөгү ракеталардын экөөсүн сынаган. АКШ бул иштерге февралдан тарта дайынданганын Эспер сыймык менен жар салган. Бир нерсеге көңүлдү бургум келет: АКШ Келишимден чыгууну 2-августта жарыялаган, ал эми ракеталарды сыноого февралда эле даярдана баштаган. Бул буга чейин эле биз баамдагандай, АКШ Келишимден чыгууну мурдатан эле пландаганын дагы бир ирет тастыктайт", — деп белгиледи КЭР ТИМ өкүлү.

Орто ыраактык

Чындап эле августта Пентагон канаттуу ракетаны сынаган, ал беш жүз чакырымдан ашуун аралыктагы бутасын талкалаган, бул келишимге каршы келет. Россиянын Тышкы иштер министрлиги ракеталарды сыноолорду АКШ эбак эле билип туруп келишимди бузууга камылга көрө баштаганынын далили деп баалайт.

"Эгер алар мурдатан даярдык көрбөсө, ушундай тез мөөнөттө мындай ишти жасоо дээрлик мүмкүн эмес. АКШ Орто жана кыска ыраактыктагы ракеталарды жок кылуу келишиминен чыгууга саясий жана пропагандалык гана эмес, материалдык аскерий-техникалык даярдыкты Вашингтондо бир топ убакыттан бери эле көрө баштаганынын айкын далилин көрүп турабыз", — деп билдирет ТИМдегилер.

АКШнын Келишимден чыгуу планын 2018-жылы АКШ армиясынын жетекчилиги алдында түзүлгөн жаңы ракеталык куралды таанытуу да кыйыр түрдө далилдейт. Пентагон ал жакта 500дөн 2250 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган, иш жүзүндө орточо алыстыкка Strategic Fires Missile ыкчам-тактикалык башкарылган ракетаны тааныштырган. Ошол жабдыктын сүрөтү да азыр сыналган ракетанын сүрөттөрүнө окшош.

Кансыз согуштун босогосунда: АКШ тыюу салынган ракетасын сынады - Sputnik Кыргызстан
Кансыз согуштун босогосунда: АКШ тыюу салынган ракетасын сынады
BMPD адистештирилген блогунун серепчилеринин маалыматына таянсак, бул долбоорду Northrop Grumman Innovation Systems америкалык компаниясы ишке ашырууда. Ал мурдагы Orbit ATK корпорациясы, 2018-жылы Northrop Grumman курамында болчу. Катуу отун менен кыймылга келген Castor-4В даражасы ракетанын өзөгүн түзгөн окшойт, бул америкалык баллистикалык ракета-буталарда пайдаланылат. Россияда андай ракета-буталарды Келишимди бузган, орточо алыстыктагы ракеталардын прототибиндей карашкан.

"Искандердин" аналогу

Мындан тышкары, америкалыктар Келишимде кыска аралыктагы ракеталар деп саналган куралды көптөн бери иштеп чыгышууда. 2018-жылдагы тааныштыруу аземинде Пентагон 70-499 чакырымга чейинки уча турган Precision Strike Missile (PrSM) оперативдик-тактикалык ракетаны да көрсөткөн. Аныгында ал ракета жети жүздөн ашуун аралыктагы бутаны талкалай алат.

Бул ракетаны Lockheed Martin компаниясы 2017-жылдан бери жасап келе жаткан. Кеп 1990-жылдардын башынан тарта АКШнын армиясы куралданган MGM-140 ATACMS тактикалык ракеталык комплексин алмаштырчу акыркы муундагы, таамай аткан курал жөнүндө болууда.

PrSM ракетасы да сыналган. Аны М142 HIMARS залп отунун реактивдүү тутумунан кое беришкен. Ракета 240 чакырымдык аралыкка чейин учуп барып, бутага таамай тийген.

Кыска аралыктагы ракетаны дагы бир америкалык Raytheon компаниясы да жасайт. Аны сыноо 2020-жылга белгиленген. Пентагондо азыр тандоо жүргүзүп жатат, бирок америкалык армия 2023-жылга чейин жаңы куралга ээ болору анык.

Вашингтон перед инаугурацией Д.Трампа - Sputnik Кыргызстан
Акыл-эс кайда? АКШ сенаты РФти "террорчулукка демөөрчү" болгон өлкөлөргө кошту
PrSM ракетасын россиялык "Искандер-М" ракеталык комплексинин аналогу деп атоого болот. АКШ Келишимден чыгууга негизги шылтоо катары дал ушул ракетанын мүнөздөмөсүнө асылган. Вашингтон бул комплекс үчүн 9М728 канаттуу ракетасынын модификацияланган версиясы – 9М729 Келишимдин талаптарына каршы келет деп Москваны айыптаган. Алардын баамында, учуш ыраактыгы Келишим уруксат берген 500 чакырымдан ашат.

Москва андай айыптоолорду четке каккан, ал тургай Коргоо министрлиги ракетанын айрым мүнөздөмөлөрүн ачыктаган. Ракеталык күчтөрдүн жана артиллериянын жетекчиси Михаил Матвеевский канаттуу ракетанын жаңыртылышы согуштук бөлүгүнүн кубаттуулугун жана таамай мүнөздөмөлөрүн жогорулатууга багытталганын айткан. 9М728 жана 9М729 ракеталарынын негизги агрегаттары бир түргө келтирилген. 9М729 ракетасынын учуш ыраактыгы салмагынын көбөйүшүнөн улам 480 чакырымга чейин азайган.

Ал тургай Россия мурда эч болбогондой кадамга барып, Келишимге ылайык экенине ынануу үчүн АКШга жабык режимде 9М729 ракетасы менен таанышып чыгууну сунуштаган. Бирок америкалыктар андан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0