Альянстын боосу бекемби? АКШ санкция менен коркутса, Түркия авиабазаларды жапмакчы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМеждународный авиационно-космического салон МАКС-2017. День четвертый
Международный авиационно-космического салон МАКС-2017. День четвертый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын союздаштарынын болгон-бүткөн кадамын көзөмөлдөө аракети көп чырдын башы болуп келет. Бул жолкусунда Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы мамиленин канчалык бекем экени текшерилип жатканын жазат эксперт.

Американын конгрессчилери Анкараны Россиянын зениттик ракеталык системасын сатып алганы үчүн жазалоого ашыгып турган чагы. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын каршылыгына карабай сенаттын эл аралык иштер боюнча комитети С-400 системасын сатып алып, Сириянын түндүгүнө армиясын киргизгени үчүн Түркияга санкция жарыялоо каралган мыйзам долбоорун колдоду деп жазды Sputnik Казакстан.

Ракетный удар США по аэродрому в Сирии - Sputnik Кыргызстан
"Искандерге" жооп. АКШнын жаңы ракеталары дүйнөгө эмнеси менен кооптуу?
Аталган мыйзам долбоорун конгресстин эки палатасындагы демократтар да, республикачылар да колдоого алган. Эгер сенат тарабынан жактырылса, президент Сириядагы операцияга катыштыгы бар делген Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акарга жана бир топ адамга каршы чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болот. Мындан тышкары, администрация "Санкция аркылуу Американын душмандарына каршы аракет жасоо" мыйзамынын алкагында санкция киргизиши керек экени айтылат. Келечекте Түркияга АКШнын бир топ товары, кызматы жана аскер жаатындагы технологияларды киргизүүгө тыюу салынмакчы. Ансыз деле Вашингтон Анкараны буга чейин F-35 истребителдерин өндүрүү жана сатып алуу программасынан чыгарып салган.

Трамп санкцияга токтоолук менен мамиле жасап, Анкаранын да укуктук жагын кароодо. Ал Түркия "Пэтриот" системасын сатып алууга кызыкдар болгонун, бирок Барак Обаманын администрациясы союздашынын сунушун четке кагып койгонун белгилеп келет.

Түркия болсо санкцияларга жооп кайтарып тим болбостон, С-400 системасын алуудан баш тартпай турганын айтууда. Пикир мыйзам долбоору кабыл алынган күндө да өзгөрбөйт окшоп калды. Геосаясий бороондун илеби уруп баштагандай.

АКШ сенатынын кеги

Россия С-400 системасын Түркияга жайгаштыруу менен АКШнын 5-муунундагы F-35 истребителдеринин талуу жерин аныктап алат имиш. АКШнын пикири ушундай. Мындан улам, Вашингтон Анкаранын сындай кадамын саткынчылык деп атап, санкциялар менен коркутуп келет. Аны үчүн алгач армяндардын геноцидин тааныш керек.

АКШ сенаты 1915-жылы Осмон империясындагы түрктөрдүн армяндарды жапырт кырып-өлтүрүшүн геноцид деп атаган резолюцияны төртүнчү жолку аракеттен кийин араң колдоп берди.

Түркия президентинин администрация өкүлү Фахреттин Алтун "Резолюция АКШ менен Түркиянын ортосундагы мамилеге жакшылык алып келбейт. Мындай кадам тарыхка АКШ когрессинин айрым мүчөлөрүнүн жоопкерчиликсиз аракети катары кирет", — деди ал.

Кансыз согуштун босогосунда: АКШ тыюу салынган ракетасын сынады - Sputnik Кыргызстан
Кансыз согуштун босогосунда: АКШ тыюу салынган ракетасын сынады
Ал эми тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШ конгрессинин мүчөлөрү Анкарага бирөөнүн оюн таңуулоо мүмкүн эмес экенин түшүнүшү керек" экенин айтты.  Акыркы жарым жыл ичинде экинчи ирет Анкара америкалыктарга Түркиянын аймагында жайгашкан "Инжирлик" менен "Күрежик" авиабазаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коерун эскертүүдө.

Негизи Түркиянын С-400 системасына байланышкан оюн ишке ашыруу ыктымалдуулугу күч. "Триумф" деп аталган С-400 системасынын эки дивизиону үчүн Анкара 2,5 миллиард доллар жумшады. Бул коргонуу жаатына жасалган өтө чоң салым.

Эки тараптын чечкиндүүлүгү түрк-америка мамилелерин мындан ары да начарлата берет. The New York Times гезити да "АКШнын Сириядагы армиясына "Ислам мамлекетине" караганда Түркия менен Россиянын биргелешкен аракети көбүрөөк кооптуулук жаратат" деп бекеринен жазып чыккан жок да.

Мындан эки күн мурда, 15-декабрда, Эрдоган санкцияга жооп катары "Инжирлик" менен "Күрежик" авиабазаларын жаба турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыккан.

Түркиянын түштүгүндөгү Адана провинциясында жайгашкан "Инжирлик" авиабазасын АКШнын аскер-аба күчтөрү пайдаланып келет. Андагы жоокерлер өлкөнүн Малатья провинциясындагы Күрежик районунда жайгашып, ракеталык чабуул тууралуу эртелеп кабар берүүчү радиолокациялык станциянын ишин жөнгө салып турат. Ал НАТОнун Европадагы ракеталык кол салуудан коргонуу системасынын бир бөлүгү болуп саналат.

"АКШ эки өлкөнүн мамилесин ордуна келгис кылып бузуп салчу чараларга барбашы керек. Кандай гана санкция болбосун, Түркия жообун кайтарат. Кеңешебиз дагы чечип коебуз. Керек болсо "Инжирликти" да "Күрежикти" да жаап коебуз", — деген Эрдоган A Haber телеканалына маек куруп жатып.

Пентагон Түркия менен мамилени сактап калууга бардык аракетин жумшай турганын жар салган.

Кесепети кандай болот?

АКШнын Түркиядагы базаларынын жабылышы оңдурбай турчу жооп болору шексиз. Бул Жакынкы Чыгыш жана андан сырткаркы аймактагы абалга геосаясий жактан болуп көрбөгөндөй доо кетирет. Эгер Анкара чындап эле аивабазаларын жаба турган болсо адегенде эле саны 50гө жеткен В-61 өзөктүк авиабомбаларды  чыгарууга туура келет. Пентагон бул куралды жана анын 12 сандуу кодун кансыз согуштун доорунан бери көзөмөлдөп келет. Авиабомбаларды Түркиянын аймагынан чыгарып кетүү техникалык жактан татаал. Бул Анкара менен Вашингтондун мамилесине акыркы чекитин коет.

Министр обороны США Марк Эспер - Sputnik Кыргызстан
"Эки жүздүү саясат". Эксперт АКШнын сынаган ракеталары тууралуу
"Инжирлик" — Жакынкы Чыгыштагы эң ири түркиялык-америкалык база, АКШнын Ирак менен Сириядагы аскерий операцияларында олуттуу мааниге ээ. Адана провинциясында штаб, бардык курал-жарак менен ок-дары, радионавигациялык жабдуу жайгашкан. Бул жерде АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн учактары кезметте учуп жүрөт. 3000 метрлик учуп-конуу тилкеси стратегиялык бомбалоочу учактарды кабыл ала алат.

"Күрежик" базасында жогоруда айтылгандай НАТОнун Европадагы ракеталык чабуулга каршы коргонуу системасынын бир бөлүгү жайгашкан. Башкача айтканда, ракеталык соккуну эртелеп аныктоочу радар дал ушул жерде. Аны Пентагондун адистери тескеп турат.

Негизи эле Түркияда АКШнын "домино" принциби менен жабыркап калчу ондогон аскердик объектиси бар. Эгер эки база жабылып калса, 2700 америкалык аскер кызматкеринин да айласын табуу керек болот. Айтор, Вашингтон бардык жагынан жапа чегүп калчудай болуп турат.

Эгер Түркиянын аймагынан чыгып кала турган болсо америкалык базаларды кабыл алууга Греция даяр экенин билдирди. Бирок Пентагондун ири көлөмдөгү аскери менен объектилерин жайгаштыруу үчүн жаңы инфраструктура түзүү жеңил иш эмес. Мисалы, Грециянын Крит аралындагы Суд аймагындагы база тар багытта гана кызмат кылып, АКШ менен НАТОнун Жер ортолук деңиздеги башкы таянуучу пункту болуп саналат. Анын үстүнө Суддагы база дагы, Грециянын негизги аймагы дагы "Инжирликтен" батышты карай 1000 чакырым алыс.

Ал эми АКШнын бешинчи муунундагы истребителдерин оңой эле алмаштырып алууга болот. Түркиянын тышкы иштер министи Мевлют Чавушоглу 11-декабрь күнү эгер АКШ F-35 учактарын сатуудан баш тартса, Россия альтернатива сунуштоого даяр экенин билдирди. С-400 системасын алгандан кийин Түркиянын аскердик-саясий жетекчилиги Россия чыгарган 4++ муундагы Су-35 жана бешинчи муундагы Су-57 көп багыттуу истребителдердин мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0