80 жыл чогуу! АКШнын тургундары мааракесин белгилешти. Видео

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүШакек. Архив
Шакек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
80 жыл чогуу жашаган мезгилдин урматына Жон жубайы Шарлоттаны алгачкы ирет жолуккандагыдай, 1920-жылы чыккан Roadster автоунаасына салып сейилдетип, кучак толо гүл белек кылган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. АКШдагы жубайлар 106 жаштагы Жон Хендерсон менен 105 жаштагы Шарлотта Хендерсон бирге 80 жыл түтүн булатканын белгилешти.

CNN телеканалынын жазышынча, жубайлар 1934-жылы Техас университетинде таанышып, 1939-жылы баш кошушкан. Жакындарынын айтымында, Жон менен Шарлотта бактылуу жубайлардын үлгүсү. Анткени алардын бири-бирине болгон мамилеси, колдоосу өзгөчө.

​​80 жыл чогуу жашаган мезгилдин урматына Жон жубайы Шарлоттаны алгачкы ирет жолуккандагыдай, 1920-жылы чыккан Roadster автоунаасына салып сейилдетип, кучак толо гүл белек кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0