Иш үстүндө сасык тумоону жугузуп албоонун жол-жобосу айтылды

© Фото / Pixabay/ JoergelmanИш үстүндөгү аял. Архив
Иш үстүндөгү аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер жумуш күндү үзгүлтүккө учуратпоо керек болсо, медициналык маска тагынып, колду таза жууп, кесиптештер менен кол кармашып учурашпай эле коюу туура.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Daily Mail басылмасы жумуш учурунда ооруну жуктуруп албоонун жолун айтты.

Инфекция столдун үстүндө, эшиктин туткасында, лифттин баскычтарында, калем саптарда болот. Адам ооруп жатса, жумушка чыкпай турганы оң.

"Инфекциялык ооруларды вирус менен бактериялар чакырат. Организм оору менен күрөшүп жатканда адам чүчкүрүп, жөтөлүп, кусуп, ичи өтүп, башы айланып, алсырап, чыйрыгат. Оорунун ушул белгилери кетмейинче ишке баруунун кажети жок", — деп айтылат маалыматта.

Эгер жумуш күндү үзгүлтүккө учуратпоо керек болсо, медициналык маска тагынып, колду таза жууп, кесиптештер менен кол кармашып учурашпоо зарыл. Ошондой эле телефон менен клавиатураны антисептикалык кол аарчылар менен сүртүү керектиги сунушталды.

Буга чейин кыргызстандык адис сасык тумоого кабылбаш үчүн туура тамактануу зарыл экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0