БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Коммунисттик партиянын мамлекеттик түзүлүш процесси менен болгон байланышы негизги катачылык болгон. Ошондой эле геосаясий аспектилер эске алынбай, ал КПССтен кийин эле СССРдин ыдырашына алып келди. Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыгын чыгарган ири маалымат жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, советтик жетекчилер кезинде өлкөнүн келечегин Коммунисттик партия менен чырмалыштырып койгон. Путин көп жылдар бою КГБда иштегенин белгилеп, Советтер Союзун башкарган жетекчилер боюнча ою башка болгонун билдирди.
"Бүгүнкү күндөгү менин тажрыйбамдын позициясынан айта турган болсом, идеологиялык нерселерден башка геосаясий дагы нерселер болушу керек экен. Советтер Союзун түзүп жатканда булар эске алынган эмес. Партия ыдырап баштаганда мамлекет дагы анын артынан кетти. Бул мамлекетти куруудагы катачылык, толугу менен фундаменталдык катачылык", — деди Путин.
Россия президенти Владимир Путиндин ири маалымат жыйыны Москва убактысы менен саат 12.00дө (Бишкек убактысы боюнча саат 15.00) башталган.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан үч медаль утууну пландап жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев айтканын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 27-январда, мекеменин коллегиясы өтүп, ага вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жетекчилик кылган.
"Азыркы тапта олимпиадалык оюндарга чейин биздин спортчулардын лицензиялык мелдештерге катышуусу турат. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууга жетишүүнү максат кылганбыз. Олимпиада оюндарында үч медаль алуу ниетибиз бар. Паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча 3 лицензиядан кем эмес жана Паралимпиада оюндарында бир байгелүү орунга жетебиз деп пландаштырып жатабыз", — деген ал.
Кыргызстанда учурда Олимпиада оюндарына жалпысынан алты лицензия бар. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк спортчулар Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия утуп алышкан.