Күрүчтүн жасалма экенин кантип текшерсе болот? Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКүрүч. Архив
Күрүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күрүчтүн жасалма экендигин үй шартында билип алууга болот. Адис ал үчүн бышкан күрүчкө бир аз йод тамызып көрүү керектигин айткан.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Күрүчтүн таза же жасалма экендигин бышкандан кийин текшерсе болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперт Артем Кичигин айтып берди.

Интернет айдыңында Кыргызстанда пластиктен жасалган күрүч сатылып жатат деген маалыматтар тарап, аны расмий органдар четке каккан. Анткен менен элдин бир даары базардагы бул продукциянын сапаты начар деген пикирде.

Кичигин Sputnik Кыргызстандын радиоэфиринде сүйлөп жатып пластмасса күрүчтөр арзан турбагандыгын айткан.

"Социалдык тармакта Кыргызстандын рыногуна жасалма күрүч келгендиги боюнча маалыматтар маал-маалы менен чыга калат. Бир катарлары анын пластиктен жасалгандыгын айтышууда. Мындай күрүчтөрдү жасаш оңой эмес. Алардын баасы биз базардан көрүп жүргөндөргө караганда бир топ кымбат. Себеби аны дал өзүндөй кылып чыгаруу үчүн көп акча турган жабдуулар керектелет. Кадимки эле жол менен өстүргөндө кеткен чыгым алда канча арзан болот", — деген ал.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мурзашев: жумуртканын жарактуу мөөнөтү ашып кетсе бир ай
Ал эми күрүчтүн таза же жасалма экендигин бышкандан кийин текшерсе болот.

"Ал үчүн бышкан күрүчкө бир аз йод тамызып көрүш керек. Күрүч 90 пайыз крахмалдан тургандыктан йод менен бириккенде көгөргөн түскө өтүп кетет", — деген адис.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда жасалма жумурткалар пайда болду деген да видео тараган. Видеодогу жумуртка эмне себептен резинадай чоюлуп каларын жана товар кайдан келиши мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Канаттууларды багуучулардын ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиев түшүндүрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0