Майрамдагандын эртеси баш ооруну кантип жазуу керек? Диетологдун кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековАлкоголдук ичимдик ичип жаткан адамдар. Архив
Алкоголдук ичимдик ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис бир нече ыкмаларды атап, негизи, ичкиликтин түрлөрүн аралаштырбоону эскерткен. Диетологдун айтымында, бир ичкилик менен чектелүүгө жөндүү болот.

БИШКЕК, 20-дек. – Sputnik. Майрамдагандын эртеси баш ооруну жазууга цитрус өсүмдүгү жакшы жардамчы болорун москвалык диетолог Елена Соломатина айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адис жогорку ыкмадан сырткары дагы башка бир нече жолдорун атаган.

"Башты жазууда ачытылган капустанын туздалган суусу жакшы, себеби анда С витамини, янтарь жана сүт кислотасы бар. Андан сырткары, көк чайга бир тилим лимон салып ичсе да киши жеңилдеп калат. Булардан башка, албетте, абсорбенттер", — деген Соломатина.

Дарыгер ичкиликтин түрлөрүн аралаштырбоону эскертип, жакшысы — бир ичкилик менен чектелүүгө кеңеш берген.

Буга чейин Индиянын Мумбай шаарындагы химиялык технология институтунун окумуштуулары баш жазууда эң жакшы жардам берген азыктарды атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0