Эстониянын мурунку премьер-министри, Таллиндин экс-мэри Элгр Сависаар

Эстониянын экс-премьери өлкөдөгү Sputnik агенттигине жасалган кысымга каршы чыкты

56
(жаңыланган 12:11 21.12.2019)
Sputnik Эстония кызматкерлери полициядан "Россия бүгүн" агенттиги менен 2020-жылдын 1-январына чейин иштешүүдөн баш тартпаса, иш козголору тууралуу айтылган билдирүүлөрдү алышкан.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Эстониянын мурунку премьер-министри, Таллиндин экс-мэри Элгр Сависаар жергиликтүү бийликтин Sputnik Эстония агенттигинин кызматкерлерине көрсөтүлүп жаткан кысымга каршы чыкты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Эскерте кетсек, буга чейин "Россия бүгүн" эл аралык маалымат агенттиги Sputnik Эстониянын кызматкерлери полиция жана чек араны коргоо департаментинен коркутуу камтылган билдирүүлөрдү алышканын жазган. Анда аталган агенттикте иштегендер "Россия бүгүн" менен эмгек келишимин токтотпосо кылмыш иши козголо турганы айтылган. Буга Украинадагы окуялардан улам Евробиримдик тарабынан 2017-жылдын 17-мартында бир катар жеке жана юридикалык жактарга киргизилген санкциялар себеп болду.

"Эстонияда Sputnik агенттигин жабуу аракеттерин туура эмес деп эсептейм. Элге жакпаса да ЖМК деген эркин болушу керек. Центристтик партия басма сөз эркиндигин жогору баалап келген. Бул Россияга да, башка өлкөлөргө да тийиштүү. Мындайда унчукпай коё албайбыз", — деп Сависаар Facebook баракчасына жазган.

Эскерте кетсек, экс-премьер 2016-жылга чейин Эстониянын башкаруучу Центристтик партияны жетектеп келген.

"Россия бүгүн" агенттиги эстон бийлигинин аракетин сындап, сөз эркиндигинин бузулуп жатышына баа берүүнү талап кылып БУУ, ЕККУ, Европа Кеңешине, ЮНЕСКОго кайрыла турганын билдирген.

Россия президенти Владимир Путин Sputnik Эстониянын айланасындагы абал тууралуу айтып жатып, башка мамлекетте иштеп жаткан Sputnik агенттиктерин колдоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын белгилеген. Ал эми "Россия бүгүн" эл аралык агенттиги менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Эстония президенти Керсти Кальюлайдга орус жана эстон тилдеринде кайрылып, журналисттердин камалуусуна жол бербөөгө чакырган.

Октябрдын аягында эл аралык банктык топтордун Эстониядагы филиалы Sputnik Эстонияга которулган каражаттарды тоңдуруп салган. Ал — айлыктар, салыктар жана ижара акчалары эле. Агенттик кайрылган башка банктар да акча операцияларын жүргүзүүдөн баш тарткан. Ал эми имаратын арендага берген тарап келишимди бир тараптуу бузган. Буга чейин акча которуулар боюнча бир да ирет көйгөй жаралган эмес.

56
Белгилер:
Sputnik, Эстония, акча, банк, камак, полиция
Тема боюнча
Путин Sputnik Эстония журналисттерине жасалган мамиле тууралуу пикирин айтты
Эстон бийлиги Sputnik журналисттерине иш козгоо боюнча эскертип, коркутууда
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

8
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

8
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
Кыз төшөктө отурат. Иллюстративдик сүрөт

Жакшы жатып жай туруу үчүн эмне жеш керектиги айтылды

30
Ал азыкта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Бул организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жер жаңгак майы жатар алдында жей турчу пайдалуу азыктардын бири. Бул тууралуу Америкалык диетологдор ассоциациясына шилтеме берип "Известия" жазды.

Жер жаңгак пастасында пайдалуу майлар менен белок бар, алар түнү бою курсакты ток кармайт. Диетологдор бул азыктын эки чай кашыгы эле 7 грамм белок менен 15 грамм пайдалуу май камтый турганын белгилеген.

Изилдөөлөр боюнча жер жаңгактын өзү жаман холестерин менен күрөшүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Ошондой эле Е витамини бар, ал организмде аз болсо уйку начарлайт.

"Жер жаңгакта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Ал организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек", — деген диетолог.

Мындан сырткары, темир, марганец, фосфор жана магний минералдарына бай.

30
Белгилер:
жаңгак, май, уйку, диетолог
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер күздөгү уйку басууну кантип жеңсе болорун айтып берди