Sputnik Эстониядагы кырдаал. ЕККУнун өкүлү бийликке кайрылды

© AFP / STRINGER ЕККУнун символикасы. Архив
ЕККУнун символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийликтин талабы боюнча редакциянын журналисттери "Россия бүгүн" эл аралык агенттиги менен иштөөсүн 1-январдан тарта токтотуусу керек. Болбосо кылмыш иши козголору айтылган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. ЕККУнун ЖМК боюнча өкүлү Арлем Дезир эстон бийлигине кайрылып, журналисттердин ишине чектөө коюу аракеттерин токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал Twitter баракчасына жазганын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы билдирди.

“Киселев мырзага каршы жекече санкциялардын киргизилишинен кийин Sputnik Эстония журналисттерине карата көрүлгөн чаралардан улам Эстония бийлигине жаздым. Бийликти чет элдик ЖМКлардын ишине чектөө киргизүүдөн карманууга чакырам. Анткени мындай аракет маалыматтын эркин жетишине терс таасир тийгизет”, — деп жазган Дезир.

Эстониянын мурунку премьер-министри, Таллиндин экс-мэри Элгр Сависаар - Sputnik Кыргызстан
Эстониянын экс-премьери өлкөдөгү Sputnik агенттигине жасалган кысымга каршы чыкты
Эскерте кетсек, буга чейин "Россия бүгүн" эл аралык маалымат агенттиги Sputnik Эстониянын кызматкерлери полиция жана чек араны коргоо департаментинен коркутуу камтылган билдирүүлөрдү алышканын жазган. Анда аталган агенттикте иштегендер "Россия бүгүн" менен эмгек келишимин токтотпосо кылмыш иши козголо турганы айтылган. Буга Украинадагы окуялардан улам Евробиримдик тарабынан 2017-жылдын 17-мартында бир катар жеке жана юридикалык жактарга киргизилген санкциялар себеп болду.

Октябрдын аягында эл аралык банктык топтордун Эстониядагы филиалы Sputnik Эстонияга которулган каражаттарды тоңдуруп салган. Ал — айлыктар, салыктар жана ижара акчалары эле. Агенттик кайрылган башка банктар да акча операцияларын жүргүзүүдөн баш тарткан. Ал эми имаратын арендага берген тарап келишимди бир тараптуу бузган. Буга чейин акча которуулар боюнча бир да ирет көйгөй жаралган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0